КОЛОРИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛОРИ́Т (итальянча colorito– лат. color – өң­түс– боёк дегенден) – көркөм сүрөт өнөрүнүн ар кыл боёктордун айкалышып– бирдиктүү бир түстү жаратуусу. К. эмоциялык– психол. туюн­туунун маанилүү куралы болуп– көркөм образ­ды толук ачууга кызмат кылат. Кайсы бир боёк­тордун басымдуулук кылышына жараша К. жаркын же күңүрт– салкын (көк– жашыл түс басымдуулук кылса) же жылуу (кызыл– сары түс көптүк кылса) ырай болушу мүмкүн. К-ти чебер пайдалана билген сүрөткер колорист– ал эми скульптура м-н арх-радагы К. полихромия деп аталат.