КОЛОРИМЕТРИЯ
КОЛОРИМЕ́ТРИЯ ф и з и к а д а – түстү өлчөө ж-а аны сан жагынан туюнтуу ыкмалары жөнүндөгү илим. Ал 3 негизги түстү тандап алган системада түстүн координатасын аныктайт. Колориметрияда түстүн мүнөздөмөсү үч өлчөм, башкача айтканда сан жагынан өз ара байланышкан үч параметр м-н туюнтулат. Ошондуктан, колориметрияда түс сызыктуу мейкиндиктеги үч компоненттүү вектор катары сүрөттөлөт. Мүнөздөлүүчү нурланууну туюнткан үч нурлануунун түсү негизги түстөр деп аталат. Ар бири калган экөөнүн кошулушу аркылуу алынбай турган каалаган үч түс негизги түстөрдү түзөт. Кызыл, жашыл ж-а көк сыяктуу негизги түстөрдөн турган колориметриялык система өтө кеңири колдонулат. Булардын аралашмасынан турмушта кездешкен бардык түстөрдү алууга болот.