КОЛОРАДО 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛОРА́ДО (исп. сolorado – кызыл, боёлгон) – АКШнын түштүгүндөгү дарыя. Уз. 1450 км, ала­бынын аянты 107 миң км2. Ллано-Эстакадо платосунан башталып, Мексика булуңуна куят. Негизинен жамгыр суусунан куралат. Жазында кирип, жайында тартылат. Суусунун жылдык орт. чыгымы төмөнкү агымында 81 м3/сек. Су­гатка кеңири пайдаланылган суу сактагычтар көп курулган. Боюнан Остин ш. орун алган.