КОЛОННА
КОЛО́ННА (французча colonne – латынча columna – түркүк) – имаратты тиреп жана ага көрк берип туруучу архитектуралык түркүк. Жөнөкөй тирөөч катары пайда болуп – Байыркы Египет жана Байыркы Грекия искусствосунда көркөмдөлүп– классикалык формага ээ болгон. Колонна архитектуралык ордердин курамына кирет жана имаратты тик абалда кармоо үчүн кызмат кылат. Колонна таш, бышкан кыш, бетон, болот, жыгач материалдардан жасалат.

Колоннанын негизи, сөңгөгү, уч жагы (капители) болот. Классикалык колонналардын уч жагы ичкерээк, орто жери (сөңгөгү) жоонураак болот. Архитектуралык эстелик түрүндө өз алдынча турган колонналар бар – алар ар кыл айкелдик сүрөттөр, эстеликтер менен кооздолот. Катар турган бир нече колонна колоннада деп аталат. Кыргызстанда Бишкек шаарынын айрым имараттарында, Балыкчы, Жалал-Абад шаарларына кире бериште жана башка колонналар тургузулган.