КОЛОННА
КОЛО́ННА (фр. colonne– лат. columna – түркүк) – имаратты тиреп ж-а ага көрк берип туруучу архралык түркүк. Жөнөкөй тирөөч катары пайда болуп– Байыркы Египет ж-а Байыркы Грекия иск-восунда көркөмдөлүп– классикалык формага ээ болгон. К. архитектуралык ордердин курамына кирет ж-а имаратты тик абалда кармоо үчүн кызмат кылат. К. таш– бышкан кыш–

бетон– болот– жыгач материалдардан жасалат. К-нын негизи– сөңгөгү– уч жагы (капители) болот. Классикалык К-лардын уч жагы ичкерээк– орто жери (сөңгөгү) жоонураак болот. Арх-ралык эстелик түрүндө өз алдынча турган К-лар бар– алар ар кыл скульптуралык сүрөттөр– эстеликтер м-н кооздолот. Катар турган бир нече К. колоннада деп аталат. Кырг-нда Бишкек ш-нын айрым имараттарында, Балыкчы, Жалал-Абад ш-ларына кире бериште ж. б. жерлерде К-лар тургузулган.