КОЛОНКАЛУУ БУРГУЛОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:37, 19 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛОНКАЛУУ БУРГУЛОО – тоо тектери теге­рек алкак түрүндө бургуланып, колонканын ичинде керн болуп сакталуучу бургулоо. Мын­да тектердин талкаланган майда бөлүкчөлөрү насос м-н жиберилген сууга аралашып, үңүл­мөдөн агып чыгат. Бургулоодон пайда болгон керн түтүктүн ичинде, скважинанын тереңди­гине жараша колонканы толтура берет. Кезеги келгенде кыпчыгыч м-н керн бек кыпчылат да, колонканы өйдө көтөргөндө үзүлүп кетет. Аны сыртка чыгарып алат. Бургулоочу аспаптар ата­йын шаймандын жардамы м-н иштейт. Көтөрөт, түшүрөт, айлантат, снаряддарды жылдырат. Колонкалуу бургулоо бек, катуу тектерди бургулоодо, кендерди чалгындоодо, инженердик-геологиялык изилдөө иштеринде колдонулат.