КОЛОНКАЛУУ БУРГУЛОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛОНКАЛУУ БУРГУЛОО – тоо тектери теге­рек алкак түрүндө бургуланып, колонканын ичинде керн болуп сакталуучу бургулоо. Мын­да тектердин талкаланган майда бөлүкчөлөрү насос м-н жиберилген сууга аралашып, үңүл­мөдөн агып чыгат. Бургулоодон пайда болгон керн түтүктүн ичинде, скважинанын тереңди­гине жараша колонканы толтура берет. Кезеги келгенде кыпчыгыч м-н керн бек кыпчылат да, колонканы өйдө көтөргөндө үзүлүп кетет. Аны сыртка чыгарып алат. Бургулоочу аспаптар ата­йын шаймандын жардамы м-н иштейт. Көтөрөт, түшүрөт, айлантат, снаряддарды жылдырат. К. б. бек, катуу тектерди бургулоодо, кендерди чалгындоодо, инж.-геол. изилдөө иштеринде колдонулат.