КОЛОНИАЛИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛОНИАЛИ́ЗМ – экон. жактан начар өнүккөн өлкөнү, аймакты ж-а элди согуштук, саясий же экон. кысымдын жардамы м-н мамлекеттер то­бунун эзүүсү ж-а көз каранды кылуусу. «К.» тер­мини 1960-жылдарга чейин Европанын өнүккөн өлкөлөрү (15-к-дын аягынан) ж-а АКШнын (19- к-дан) Азия, Африка, Латын Америка, Австра­лия ж-а Океанияга, о. эле Япониянын (20- к-дын 1-жарымында) Океания ж-а Чыгыш Азия­га жүргүзгөн үстөмдүк системасын мүнөздөө үчүн колдонулат. К. системасы Улуу геогр. ачылыш­тар доорунда калыптанган. 15–20-к-да Брита­ния империясы ж-а Германия, Испания, Ни­дерланд, Португалия, Франция колониялык империялар болгон. 15–19-к-да К. системасы үчүн башка өлкөлөрдү зордоп басып алуу ж-а талоо, басып алынган аймактар м-н соода жүр­гүзүүдө монополия түзүүгө умтулуу, эзүүнүн кул­чулук формаларын тамырлатуу ж. б. мүнөздүү болгон. Бул мезгилде колониялык саясат ата­йын түзүлгөн компаниялар аркылуу жүргүзүл­гөн (к. Ост-Инд компаниялары). 19-к-дын 2-жа­рымынан колонияларды эксплуатациялоодо эк­вивалентсиз соода алмашуу чоң ролду ойногон. 19-к-дын аягында көз каранды аймактар ж-а колониялар метрополиянын тикеден-тике мамл. көзөмөлүнө өткөн. 1914-ж. жер шарындагы кал­ктын 60%и, аймактын 66,8%и колонияга ж-а көз каранды өлкөлөргө айланган. Колониялар­да улуттук-боштондук кыймыл күч алган. Ири державалардын ортосундагы колонияларды кай­ра бөлүштүрүү үчүн күрөш биринчи дүйнөлүк согуштун чыгышын шарттаган. Бүгүнкү исто­риографияда К. өзүнүн өнүгүшүндө төмөнкү этап­тарды басып өткөн система катары каралат: 1) Улуу геогр. ачылыштар доорунан Европадагы «эски тартип» кризис дооруна чейин. Европа­дан тышкары аймактарды (Америкадагы испа­ниялык ж-а португалиялык конкисталар) ба­сып алып, аларды тоноп, чыгыш өлкөлөрүнө теңсиз соода байланыштарын таңуулашкан (Азиядагы голландиялык ж-а англ. фактория­лар). Европага башка мамлекеттердин товарла­ры алынып келген; 2) Европа ж-а Түн. Амери­кадагы ө. ж. капитализм доору (18-к-дын аягы – 19-к-дын 2-жарымы). Европа көптөгөн товар­ларын экспортко чыгарып, жаңы аймактарды өзүнө караткан; 3) колонияларды империалис­ттик эксплуатациялоо доору (19-к-дын аягы). Бул мезгилде метрополиялар үчүн пайдалуу бол­гон товар алмашуу системасы калыптанып, колонияларда метрополиядан капитал чыгаруу өскөн. 2- дүйнөлүк согуштун учурунда, өзгөчө


1940-жылдардын 2-жарымы – 1960-жылдардын башында колониялар ж-а көз каранды мамле­кеттерде элдик көтөрүлүштөрдөн улам К. сис­темасы кулап, мурдакы колониялар көз каран­ды эместикке жетишкен. АКШ, Улуу Британия, Франция, Нидерланд ж. б. өлкөлөрдүн бийли­ги астында айрым гана аймактар (негизинен аралдар) калган. Бирок көз карандысыздык алган мурдакы колониялар өз алдынча иш жүр­гүзө албагандыктан, өздөрүнүн мурдакы мет­рополиялары м-н тыгыз чарбалык, саясий, маданий байланыштарын сактап калышкан ж-а метрополиялар мурдакы колонияларынын ички конфликттерине аскердик-саясий кийли­гишүүлөрүн жасагандыгы бүгүнкү күнү неко­лониализм деп айтылат. БУУнун Генералдык Ассамблеясы 14-декабрда 1960-ж. кабыл алын­ган ¹ 1514 резолюциясында К-ди адамзатка каршы эл аралык кылмыш деп жарыялаган.