КОЛО ДООРУ
КОЛО ДООРУ – болжол м-н б. з. ч. 4-миң жылдыктан 1-миң жылдыктын башына чейинки тарыхый маданий мезгил. Бул учурда маданий борборлордо колодон, эмгек шаймандарын ж-а согуш куралдарын жасоо өнүккөн. Түштүк Иран, Түркия ж-а Месопотамиядан б. з. ч. 4-миң жылдыкка таандык эң байыркы коло куралдар табылган. Кийинчерээк коло куралдары Египетте (б. з. ч. 4-миң жылдыктын аягынан), Индияда (б. з. ч. 3-миң жылдыктын аягынан), Кытайда (б. з. ч. 2-миң жылдыктын ортосунан) ж-а Европада (б. з. ч. 2-миң жылдыктан) пайда болгон. Америкадагы коло доорунун өзүнчө тарыхы бар. Перу ж-а Боливиянын аймактары кийинки тиуанаку маданияты деп аталган (б. з. 6–10-кылымдар) металлургиянын борбору болгон. Б. з. ч. 1-миң жылдык ченде Африкада да коло иштетүү болгондугу шексиз. Коло доорунун калдыктары КМШнын бардык аймагында кездешет. Бул жерлерди мекендеген уруулар Батыш Европадагыдай эле алгачкы коомдук түзүлүштө жашаган. Орто Азиянын түштүк-батышында отурукташып, дыйканчылык м-н кесип кылган уруулар коло иштетүү жагынан жогорку деңгээлге жетишкен. Коло доору Казакстан, Сибирь, Орто Азиянын мал чарбачылык ж-а дыйканчылык м-н кесип кылган урууларында б. з. ч. 17–14-кылымдарда тараган. Чүй өрөөнүнүн Сокулук, Садовый кыштактарынан, Кочкордун Шамшы коктусунан табылган коло куралдар ж-а «кенч» буюмдар Кыргызстандын аймагында б. з. ч. 12–8-кылымдарда коло доорунун өзгөчө күчтүү өнүккөндүгүн айгинелейт.