КОЛЛИМАТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЛИМА́ТОР [лат. collimo (collineo) – түз сы­зык б-ча багыттайм] – нурдун (электр-магнит нурлануусу) же бөлүкчөлөрдүн (атом, электрон, элементардык бөлүкчөлөр) ичке параллель топ агымын пайда кылуучу түзүлүш. К. фокалдык тегиздигинде жарыктандырылуучу нерсе жай­гашкан объектив же томпок күзгүдөн турат. Объектив ж-а нерсе ичи карартылган түтүккө бекитилген. К-дон чыккан нурлардын жарыш­тыгы болжолдуу болот. Анткени нерсенин бир чекитинен чыккан нурлар объективдин аберра­циясынын ж-а дифракциясынын натыйжасын­да өз ара өтө так параллель болушу мүмкүн эмес. Нерсеге таасир этүүчү фокустук аралык ж-а объективдин аберрациясын оңдоо сапаты, о. эле нерсенин формасы ж-а өлчөмү К-дун арналы­шына ж-а аны пайдалануу шартына жараша тандалат. К. астрономияда, спектр аспаптарын­да, ар кандай өлчөөчү, сыноочу оптика-мех. куралдарда колдонулат.