КОЛЛЕКТИВДЕШТИРҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:36, 18 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЛЕКТИВДЕШТИРҮҮ – 1920–30-жылдары колхоздоштуруу жолу м-н СССРдин айыл чарбасында­гы өндүрүш процессин кеңейтүү ж-а мамлекет­тештирүү. Мамлекет м-н партия жеке менчик дыйкан чарбасын толук көзөмөлгө алыш үчүн коллективдештирүү процессин баштаган. Коллективдештирүүнүн башталышына дан даярдоо кризиси себеп болгон. 1925-жылы дан түшүмүнүн молдугуна карабастан, дыйкандар ар кандай себептер м-н мамлекетке данды аз санда өткөзүп, өз пайдасына жумшагандыктан, дан экспорту төмөндөп, шаарларга дан жетпей кал­ган. Айыл чарбадан түшкөн кирешелер өнөр жайды өнүктү­рүүгө жумшалмак, натыйжада социалисттик индустрия­лаштыруу саясатына да коркунуч туулган. 1927-жылы ВКП(б)нин 15-съездинде айыл-кыш­тактарда коллективдештирүүнү ишке ашыруу жарыяланган. 1929-жылы массалык түрдө коллективдештирүү башталган. Колхоз­дун эң жакшы формасы катары айыл чарба артелдери белгиленген. 1929-жылы колхоздордун материал­дык-техникалык базасын бекемдеш үчүн атайын маши­на-трактордук станцияларды (МТС) түзүү баш­талган. Коллективдештирүү кулакка тартуу саясаты (оокаттуу дыйкандардын ж-а коллективдештирүүгө каршылык көрсөткөн дыйкандардын мүлкүн тартып алып, аларды түрмөгө камап, башка жакка көчүрүшкөн же атып өлтүрүшкөн) м-н коштолгон. Жалпысы­нан 5–6 млн киши кулакка тартылып, анын ичинен 2140 миң киши 1930–38-жылдарда департацияланган.
Коллективдештирүүнүн зомбулук м-н жүргүзүлүшү, кулакка тар­туу, базарларды жаптыруу ж-а атеисттик сая­сат ж. б. дыйкандардын нааразычылыктарына алып келген. Малды массалык түрдө союп жок кылуу башталган. 1931-жылы 4 млн киши айыл­-кыштактарды таштап, шаарларга кетип кал­ган. Коллективдештирүү Москва ж-а Батыш облустарында, Татар АССРинде, Нижегород крайында эң жогорку темпте жүргүзүлгөн. Коллективдештирүүнүн репрессиялык-кон­фискациялык чаралары кыштактардын өндү­рүштүк потенциалын бузуп жиберген. 1932-жылы айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү 1928-жылга салыш­тырмалуу 1,5 эсеге, мал чарбачылык 53% кыс­карган. 1932–33-жылдарда Украина, Волга бою, Ставро­поль ж. б. райондордо ачкачылыктан 5 млн адам өлгөн. Коллективдештирүү негизинен 1937-жылы аяктаган. 1930–37-жылдарда жалпы коллективдештирүүнүн ж-а кулакка тартуунун жү­рүшүндө дыйкан чарбаларынын саны 25,6 млн­дон 19,9 млнго чейин кыскарып, анын ичинде 18,5 млн (93,9%) 243,7 миңи колхозго бириктирилген. Коллективдештирүүнүн натыйжасында мамлекет колхоздордон түшкөн кирешелерди өз пайдасына жумшоого мүмкүнчүлүк алган. 1935–37-жылдарда айыл чарба өндүрүшү калыбына келе баштаган.


Ад.: Ивницкий Н. А. Коллективизация и раскула­чивание (начало 30-х гг.). М., 1996; Зеленин И. Е. Сталинская «революция сверху» после «великого перелома». М., 2006.

К. Алымкулов.