КОЛЛАБОРАЦИОНИЗМ
КОЛЛАБОРАЦИОНИ́ЗМ (фр. collaboration – кызматташтык) – куралдуу конфликт же согуштун жүрүшүндө өзүнүн мекенине зыян келтирген каршылаштары м-н оккупацияланган мамлекеттин жарандарынын ыктыярдуу кызматташуусу. Көптөгөн мамлекеттерде коллаборационизм аскер кылмышы катары каралат. Коллаборационизм түшүнүгү 19-кылымдын башталышында Наполеон согуштарынын мезгилинде пайда болуп, 2-дүйнөлүк согуштун жылдарында кеңири колдонулган. Алгач 2-дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө Франция оккупацияланган мезгилде германиялык бийлик м-н француздук жарандардын кызматташуусу түшүндүрүлөт. Кийинчерээк коллаборационизм германдыктар же япондуктар оккупациялаган европалык ж-а азиялык мамлекеттерде (Бельгия, Нидерланд, Норвегия, Кытай ж. б.) да пайдаланылган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССРде коллаборационизм «оккупанттар менен кызматташуу» термини м-н мүнөздөлөт. Коллаборационизм катары идеялык жактан совет бийлигине каршы тургандар, советтик республикаларда улутчул багытты колдогондор, дезертирлер, колго түшкөндөр ж. б. эсептелген. Чет өлкөлүк тарыхчылардын баасы боюнча Улуу Ата Мекендик согушта 1,5 млнго жакын советтик жаран германиялык бийлик м-н кызматташкан. 2-дүйнөлүк согуштан кийин көптөгөн мамлекеттерде коллаборационисттер ар кандай репрессияларга кабылып, көрүнүктүү өкүлдөрү (Францияда П. Лаваль, Норвегияда В. Квислинг, СССРде А. А. Власов ж. б.) өлүм жазасына тартылган.
Ад.: Семиряга М. И. Коллаборационизм. Природа, типология и проявление в годы Второй мировой войны.
М., 2000; Война и общество, 1941–45: В 2-х кн. / Под ред. Г. Н. Севостьянова. М., 2004.