КОЛГО ҮЙРӨТҮҮ
КОЛГО ҮЙРӨТҮҮ, д о м е с т и к а ц и я (лат. domesticus – үйдүн, үйдүкү) – адамдын чарбалык муктаждыгын канааттандыруу максатында жапайы жаныбарларды бакмалаштыруу.
Колго үйротуу 10–15 миң жылдай илгери, мезолит, неолит доорунда башталып, мал чарбасынын пайда болушуна себеп болгон. Колго үйротуунүн башталуу мезгилин тактоо мүмкүн эмес, себеби алгачкы колго үйрөтүлгөн жаныбарлардын казылып алынган скелеттеринде анчалык өзгөрүү болгон эмес. Кеч палеолит доорунун гана жаныбарларынын сөөктөрүнүн түзүлүшүндө өзгөрүүлөр пайда боло баштаганы белгилүү. Жаныбарлардын көптөгөн түрлөрүнүн бир аз бөлүгү гана колго үйрөтүлгөн. Омурткалуу жаныбарлардын сүт эмүүчүлөр классынан бодо мал (зебу, топоз, бантенг, жаныш, уй ж. б.), түндук бугусу, төө, жылкы, эшек, кой, чочко, ит, мышык, коён ж. б.; куштардан тоок, өрдөк, каз, көгүчкөн ж. б.; балыктар классынан каңылтыр, алтын сары таман балык ж. б. бакмалаштырылган. Омурткасыздардан муунак буттуулар тибиндеги курткумурскалар классына кирген бал аарысы м-н тыт ж-а эмен жибек көпөлөктөрү колдо багылат. Ошентип, койдун түпкү теги Борбордук Азиядагы жапайы койлор, эчкиники безоар эчкиси, уйдуку тур, жылкыныкы турпан ж-а пржевальский жылкысы, тооктуку жапайы банкив тоогу болуп эсептелет. Колго үйротуунүн айыл чарбасында мааниси чоң.