КОКУС ЧОҢДУК
КОКУС ЧОҢДУК – ыктымалдык теориясындагы негизги түшүнүктөрдүн бири; ыктымалдыгы сыноонун кокусунан чыккан натыйжасына жараша ар кандай мааниге ээ чоңдук. Мисалы, чүкөнүн алчы түшүүсүндөгү упай саны – ар бири 1/6 ыктымалдыктагы кокус чоңдуктун мааниси 1, 2, 3, 4, 5, 6. Ал үзгүлтүктүү ж-а үзгүлтүксүз болуп айырмаланат. Үзгүлтүктүү кокус чоңдуктун маанилери белгилүү бир ыктымалдык м-н кабылданат. Үзгүлтүксүз кокус чоңдук өз ыктымалдык тыгыздыгы м-н мүнөздөлөт. Эгер кокус чоңдук ар кандай маанинин чектүү же чексиз удаалаштыгына ээ болсо, анда анын ыктымалдык бөлүштүрүлүүсү (бөлүштүрүү закону) чектүү ж-а чексиз болуп, дискреттүү кокус чоңдук деп аталат. Кокус чоңдуктун ыктымалдык бөлүштүрүүсүнүн жалпы касиеттери сандык мүнөздөмө м-н берилет, башкача айтканда математикалык күтүү ж-а анын дисперсиясы м-н мүнөздөлөт. Кокус чоңдук түшүнүгүн ж-а анын математикалык күтүүсүн орус математиги П. Л. Чебышев (1867) биринчи баалаган. Кийин бул теорияны А. Н. Колмогоров (1933) өнүктүргөн ж-а жалпылаган. Кокус чоңдук математикалык анализде, сандар теориясында ж. б. тармактарда кеңири пайдаланылат.
Ад.: Чебышев П. Л. О средних величинах//Полн. собр. соч. Т. 2. М.; Л., 1947; Колмогоров А. Н. Основные понятия в теории вероятностей. М., 1974.