КОКУС ПРОЦЕСС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:43, 17 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОКУС ПРОЦЕ́СС , с т о х а с т и к а л ы к п р о ц е с с, ы к т ы м а л д ы к п р о ц е с с, у б а к ы т т ы н к о к у с ф у н к ц и я с ы – окуяга жараша болуп өткөн ж-а өтүү ыктымал­дыгы кандай экендиги алдын ала аныкталган процесс (башкача айтканда кээ бир системанын абалынын уба­кыттын өтүшү м-н өзгөрүшү). Кокус процесстин типтүү мисалы – Броун кыймылы, радиосигналдардын тоскоол учурда тарашы ж. б. Кокус процессти кээ бир элементардык окуянын көптүгүндө аныкталган Х(t) кокус чоңдугунун түркүмү катары кароого болот, мында t – убакыт. Ушул түркүмдөн алын­ган ар бир Х(t) конкреттүү кокус чоңдугу процесс­тин t моментиндеги абалы деп аталат. Кокуй процесстин 3 классы өтө маанилүү: көз карандысыз өсүндү­лүү кокус процесстер классы; Марков процесс­тер классы; Гаусс процесстер классы. Орус ма­тематиктери А. А. Марков, А. Н. Колмогоров, А. Я. Хинчин, амер математиктер В. Феллер, Н. Винер, Ж. Дуб ж. б. Кокус процесстер теориясы боюнча маанилүү натыйжаларга жетишкен.