КЕМИТҮҮ
КЕМИТҮҮ – кошууга карама-каршы амал.
Кемитуунүн негизинде бир тектүү эки чоңдук боюнча ошол тектеги үчүнчү чоңдук аныкталат. Кемитуу – белгиси м-н белгиленет. Чыныгы сандардын көптүгүндө кемитуу а – b=d, мында а, b – чыныгы сандар, а – кемүүчү, b – кемитүүчү, d – айырма. Эгер а > b болсо, d – оң сан, а<b болсо, d – терс сан болот. Комплекстүү сандардын көптүгүндө (а+bi) –(c+di)= (a–c)+(b–d)i. Кемитуу векторлорго, тензорлорго да колдонулат, к. Вектордук эсептөө, Тензордук эсептөө.