КЕЛТИРИЛБЕС ТЕҢДЕМЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛТИРИЛБЕС ТЕҢДЕМЕ – сол жаккы бөлүгү жөнөкөй көбөйтүүчүлөргө ажырабаган, башкача айтканда кел­тирилбеген көп мүчөдөн турган f(x)= 0 түрүн­дөгү алгебралык теңдеме. Эгер теңдеме келтирилбес көп мүчө болбосо, анда ал төмөнкү даражалуу бир нече жөнөкөй алгебралык теңдемелерге келтирилет: f(x)= p(x) . g(x). Анын чыгарылышы жеңилдейт: p(x) =0, g(x) = 0.