КОКОН (пилла)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 16 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́КОН , п и л л а – көптөгөн курт-кумурска­лардын куурчакчасынын коргонуу түзүлүшү. Кокон личинка куурчакчага айлануунун алдында бөлүп чыгарган жибек жиптен чиеленип куру­лат. Көптөгөн көпөлөктөр, ошондой эле кээ бир кумурс­калар кокон пайда кылат. Көптөгөн коңуздардын личинкалары (мисалы, узун тумшуктар) куурчак­чага айланарда өзү бөлүп чыгарган шилекейден Кокон курат. Сөөлжандар, сүлүк курттар, жөргө­мүштөр, кээ бир моллюскалар жумуртка коконун (пилласы) пайда кылып, анын ичинде жумурт­ка өөрчүйт.