КОЙЧИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:31, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙЧИЕВ Турсунбек (14. 10. 1941-жылы туулган, Чүй облусу, Жайыл району, Сары-Булак – 1. 7. 2016. Бишкек) – Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (2007), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1993), СССР жана Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу­нун мүчөсү.

Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын бүткөн (1964). Анын чыгармачы­лыгы пейзаж жанрында 1960-жылдарда калыптан­ган. 1965-жылдан республикалык көргөзмөлөргө катыша баш­таган. Кыргызстанда совет бий­лигинин орношуна арнал­ган «20-жылдардагы Кыр­гызстан аялдары» аттуу туңгуч тематикалык трип­тихи менен таанылган. «Чөп чабыкта» (1973),«Тоодогу кеч» (1974–1975), «Сууга түшүп жаткан кыздар» (1974) жана башка пейзаждык чыгармаларын­да кыргыз жеринин кайталангыс сулуулугун даңазалайт. Койчиев 30дан ашык республикалык, бүткүл союз­дук жана эл аралык (Швеция, Бельгия, Моңго­лия, Италия) көргөзмөлөргө катышкан. Анын чыгармалары Кыргыз улуттук көркөм сүрөт му­зейинде, ошондой эле Франция, Америка Кошмо Штаттарында Кытай, Герма­ния, Түркия, Россия жана башка өлкөлөрдөгү менчик коллекцияларда сакталуу.

Т. Койчиев. «Кара-Көл». 2008.