КОЙ-ТАШ (Аксы районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:30, 16 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙ-ТАШ – Жалал-Абад облусунун Аксы районун­дагы кыштак. Жаңы-Жол айыл округуна ка­раштуу. Кой-Таш суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 885 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 50 км чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 55 км. Кыштак 1931-жылы негиз­делген. Калкы 1976 (2007); негизинен мал м-н алектенип, тамекичиликте эмгектенет. Орто мек­теп, китепкана, медпункт бар.