КОЙ ЖАЛБЫРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:40, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙ ЖАЛБЫРАК (Ligularria) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруу. Бийиктиги 50–150 смге жеткен көп жылдык чөп. Сабагы жоон, тик өйдө өсөт, түктүү же түксүз. Жалбырагы кезектешип жайгашкан, саптуу, жээги тегиз, кээде тишчедей майда тилкелүү; формасы бөйрөктөй же сүйрү, узундугу 10–50 см, туурасы 1,5 – 25 см. Себетчелери майда же ири (диаметри 10 –30 мм). Алар сабактын учунда бирден же бир нечеси биригип калемчедей, шыпыргыдай топ гүлдү түзөт. Желекчелери сары түстө. Себетчеде­ги тегерек гүлдөрү тилчедей, бир же эки жыныс­туу. Гүл ороочтору эки катар. Аталыгы 5, энели­ги 1. Мөмөсү – ак, киргилт сары, кү­рөң же кызгылт, үкүчөлүү данча,. Жер жүзүндө 150 түрү белгилүү, алар Чыгыш ж-а Борбордук Азиянын мелүүн аймактарында, Европада таралган. Кыргызстанда бөксө тоодон тартып, бийик тоого чейинки шалбаа, токой, бадал арасында, суу, булак, көл жээгинде, саздак жерде өсөт. Силос катары маа­нилүү.