КОЙ 1
КОЙ (Ovis aries) – ача туяктуулар түркүмүнүн
көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы кепшөөчү мал. 8 миң жылдай илгери колго үйрөтүлгөн жапайы тоо коюнан (муфлон м-н аркардан) чыккан. Чоң койдун 32 тиши (үстүнкү ж-а астыңкы жаагында 12ден азуу тиштери, астыңкы жаагында дагы
8 майда тиши) бар. К-дун бийикт. 55–100, уз.
60–110 см. Кочкорунун тирүүлөй салмагы 60– 180, соолугунуку 30–100 кг. К-дун көпчүлүгүнүн
кочкору чагарак мүйүздүү, соолугу токол же кыска мүйүздүү, өңү кара, кызыл, боз, көпчүлүгү ак болот. Уяң ж-а чала уяң жүндүү К-лор көбүнчө
ак болот. К. 14–15 жыл жашап, соолугу 14–18
айлыгында жетилип, 145–155 күн көтөрүп, көбүнчө жалкы, кээси эгиз (3 эм туугандары да болот), ал эми роман кою 5ке чейин козу тууйт.
Ар жүз тубар соолуктан 100–120 (роман коюнан 200–250) козу алынат. Жаңы туулган козунун салмагы 3–5 кг. 4 жашка чейин чоңоёт. Уяң
жүндүү К-дун жүнүнүн уз. 5–9 см, чала уяң жүндүүнүкү 40 смге чейин, кылчык жүндүүсүнүкү 10– 15 см. Уяң жүндүү койдон жылына 8–10 кг (эң
көбү 31,7 кгга жеткен), чала уяң жүндүүсүнөн 3–6 кг, кылчык жүндүүсүнөн 1–4 кг жүн кыркылып алынат (к. Жүн). 5–7 айлык козунун союлгандагы салмагы 18–22 кг. Соолугу байыганга
чейин 50–200 кг, кээ бир породаларыныкы
1000 кгга чейин [мис., остфрисланд породасынын соолугу (Нидерланд)] сүт берет. К-дун негизги тоюту: табигый ж-а эгилме жайыт чөбү, саман, силос, жем ж. б. К. эрте жаздан кеч күзгө
чейин, ал эми кар аз түшкөн жылуу аймакта жыл бою жайытта багылат. Ар кандай шартка (ысык, суук, бийиктик ж. б.) байымдуу. К. бардык өлкөлөрдө багылат.
Т. Ж. Чортонбаев.