КОЗУБЕКОВА
КОЗУБЕКОВА Мейликан (16. 10. 1932, Талас району, Түлкү-Төбө айылы – 9. 5. 1974, Фрунзе) – комузчу, солист, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1967). 12 жашынан комуз черткен.

1955-жылы Талас районунун өздүк көркөм чыгармачылыгынын республикалык кароосуна катышып, биринчиликке жетишкен. 15 жашында Кыргыз мамлекеттик филармониясына солист болуп кабыл алынган. Залкар өнөрпоздор Эркесары, А. Огомбаев, А. Үсөнбаев, К. Орозов,
Ш. Шеркулов, Ы. Тумановдон таалим алган. 1957-жылы Москвада өткөн Жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк 2-фестивалына катышып, лауреаттык наамга жана алтын медалга татыган. 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын он күндүгүнө катышкан. 1962–1967-жылдары В. Маяковский атындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыка кафедрасында иштеген. Анын аткаруусунда «Чайкама», «Маш ботой», «Кара өзгөй» күүлөрү айрыкча чет өлкөлүк угуучулар тарабынан жогору бааланган.
Козубекова – «Эрке кыз», «Бакыт» деген күүлөрдү чыгарган. Польша, Моңголия, Венгрия, Германия Демократиялык Республикасында, Бельгия, Кытай, Алжир, Сирияда жана СССРдин шаарларында гастролдо болгон. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган. 1992-жылы Таластын А. Огомбаев айылындагы мектепке анын ысмы берилип, музейи ачылган.