КОЖОМЖАРОВ
КОЖОМЖАРОВ Чоро (7. 11. 1942, Нарын обл., Ак-Талаа р-ну, Учкун айылы – 13. 4. 1981, Фрунзе) – туңгуч кыргыз эстрада ансамблинин уюштуруучусу ж-а көркөм жетекчиси.

Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. (1974).
М. Күрөңкөев атн. муз. окуу
жайын бүткөндөн (1958) кийин, К. Орозов атн. эл аспаптар оркестринде солистмузыкант болгон. Комузда классикалык күүлөрдү черткен, комузчулар ансамблинин курамында Атайдын, Ниязаалынын, Айдараалынын күүлөрүн чертип аткарган. 1967-ж. С. Жумалиев,
Б. Эгембердиев (комуз), О. Усубалиев (электр домбра), А. Тезекбаев (аккордеон), Ю. Черкасов (бас гитара), К. Мамасалиев (урма аспап), А. Момунгазиев (куудул) сыяктуу музыканттардан эстрадалык топту уюштурган. К. эстрада ансамбли
үчүн обончулардын ырларын иштеп чыккан.
Анын «Биз тынчтыкты сүйөбүз», «Ашыгы келер кез болсо», «Кызганамын» ж. б. ырлары белгилүү. Ансамбль СССРдин курамындагы респларда, Канада, Сирия, Алжир, Моңголия ж. б.
өлкөлөрдө гастролдо болгон. Медалдар м-н сыйланган.