КОЖОКМАТОВА
КОЖОКМАТОВА Гулия Сатындыевна (14. 2. 1958-ж. т., Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Октябрь айылы) – медицина илимд. доктору (1999), проф. (2001). КММИни (1982), Москвадагы И. К. Пирогов атн. борб. травматология ж-а ортопедия ин-тунун аспирантурасын (1987)
бүтүргөн. 1987-жылдан ошол эле ин-тта клиникалык ординатор, ил. кызматкер. Өзбек травматология ж-а ортопедия ИИИде улук ил. кызматкер, ассистент. Кыргыз мамл. врачтардын адистигин жогорулатуу ж-а кайра даярдоо ин-тунда, 1999-жылдан КММАда проф. Травматология ж-а ортопедия б-ча адис. 70тен ашык ил. эмгеги а. и. 2 монография, 7 автордук күбөлүк ж-а окуу китеби бар.
Эмг.: Экзогенный остеомиелит (в соавторстве). Б.,
1997; Лечение и профилактика последствий боевых повреждений конечностей. Б., 1998.