«КОЖОЖАШ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:48, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КОЖОЖАШ» – кыргыз эл дастаны. Кожожаш мерген жөнүндөгү окуянын эл арасына таралышы легенда-аңыздарды жараткан. Ал аңыз-леген­далардын мазмунуна караганда, айылдан чык­кан мыкты мерген ачарчылыкта, оорчулук учур­да жалаң илбээсин, кийиктерди атып келип, элди ачкачылыктан куткарып, өлүмдөн сактап калган. Мына ушундай аңыз-легендадан «Кожожаш» эпосу пайда болгон. Аны айрым изилдөөчүлөр баатырдык эпоско ыйгарса, кээ бири социалдык­ турмуштук эпоско ыйгарып жүрөт. Кытай уруу­сунан чыккан көзгө атар мерген Кожожаштын Зулайка сулууга үйлөнүшү, касиеттүү кайберен Сур эчки менен эрегиши, Сур эчкинин каргышына калып мерт болушу, Кожожаштын уулу Мол­дожаш баралына жеткенде атасынын кунун кууп, Сур эчкиден өч алышы эпостун сюжеттик негизин түзөт. Дастандын уюткусу элдин аң-се­зиминде реалисттик таанымдын мифологиялык ой жү­гүртүү жана диний ишенимдер дин жуурулушу­нан жаралган деп болжоого болот. Дастанда өзгөчө адам баласы менен жаратылыш ортосунда­гы аң-сезимдүү байланыш, адамдын ага болгон адеп-ахлактык мамилеси курч коюлган. Адам­дын билгенден билбестикке ташталган кадамы­нын түбөлүктүүлүгү жана анын жеңиштүү болору да турмуштун өсүп-өнүгүү логикасына ылайык берилген. «Кожожаштын» үч варианты бар. Биринчи вариан­тын 1923-ж. К. Мифтаков С. Конокбаевден жа­зып алган; экинчи варианты А. Үсөнбаевдин ай­туусу боюнча кагазга түшүрүлүп, 1938-жылы жарыкка чыккан; үчүнчү варианты 1949-жылы фольклорист З. Мамытбеков айтуучу Т. Жээнтаевден жазып алган. Бул варианттар ортосунда кескин айыр­ма жок. Албетте, ар бир айтуучунун окуяны баяндоо манерасы, көркөм көрө билүүсү жана об­раз жаратуу ыкмаларында айырмалар бар. «Кожожаш» эпосунун негизинде М. Байжиев «Байыркы жо­мок» (1975) аттуу драма жазган. Драма «Кожожаштагы» коюлган проблемалар бүгүнкү көркөм өркүн­дөөнүн талабына шайкеш жаңы мазмунга ээ. 1984-жылы «Ак илбирстин тукуму» аттуу фильм тартылган (режиссер Т. Океев). 1985-жылы Берлинде өткөн кинофестивалда «Серебрянный Медведь» сыйлыгына татыктуу болгон.


Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 3-том. Б., 2002.