КОАГУЛЯЦИЯ
КОАГУЛЯ́ЦИЯ (лат. сoagulatio – уюу, коюулануу) – молекулардын тартылуу күчтөрүнүн таасири м-н майда бөлүкчөлөрдүн биригип, чоңураак бөлүкчөлөрдү пайда кылуусунун натыйжасында коллоиддик эритмелер фазаларга ажырап, чөкмөлөрдү же килкилдектерди пайда кылуу процесси. Коагуляция кубулушу өзүнөн-өзү абдан жай жүрөт. Аларды тездетүүнүн эң негизги ыкмалары – коллоиддик эритмелерге ар түрдүү электролиттерди кошуу. Электролиттерди кошкондо, коллоиддик бөлүкчөлөрдүн алгачкы заряддары азаят же нейтралдашат да,коагуляция процесси тездейт. Кээ бир коллоиддик эритмелер температуранын жогорулашынан коагуляцияланат. Мисалы, жумуртка агынын уюшу, сүттүн эжигейге айланышы ж. б. коагуляция жаратылыштагы процесстерде кенен таралган, мисалы, геологияда минералдын пайда болушу, атмосферада аэрозолдун таркашы, өнор жайда суспензия, эмульсиялардын пайда болуусу.