КЛОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛОН (гр. klon – бутак, чырпык) – жыныссыз көбөйүү жолу м-н жалпы тектен келип чыккан клеткалар же особдор жыйындысы. К-дордун пайда болушу митоздун негизинде ишке ашып, ген. маалымат энелик ж-а туунду клеткаларга тең бөлүнөт. Ошондуктан К-дор тукум куугуч­тугу бирдей клеткалардан турат деп эсептелет. Бирок К-дордун бирдейлиги мутациянын натый­жасында өзгөрөт. К-дордун мүнөздүү өзгөчөлүк­төрү тынымсыз тандоо аркылуу сакталат. Веге­тациялык көбөйүүчү айдалма өсүмдүктө (мис., картөшкөдө), көпчүлүк учурда сорт өз алдынча К. болуп саналат. К-доштуруу жолу м-н (б. а. вегетациялык көбөйүү аркылуу) сорттун өзгө­чөлүгүн сактоого болот.