КЛОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛОН (гр. klon – бутак, чырпык) – жыныссыз көбөйүү жолу м-н жалпы тектен келип чыккан клеткалар же особдор жыйындысы. Клондордун пайда болушу митоздун негизинде ишке ашып, генетикалык маалымат энелик ж-а туунду клеткаларга тең бөлүнөт. Ошондуктан клондор тукум куугуч­тугу бирдей клеткалардан турат деп эсептелет. Бирок клондордун бирдейлиги мутациянын натый­жасында өзгөрөт. Клондордун мүнөздүү өзгөчөлүк­төрү тынымсыз тандоо аркылуу сакталат. Веге­тациялык көбөйүүчү айдалма өсүмдүктө (мис., картөшкөдө), көпчүлүк учурда сорт өз алдынча клон болуп саналат. Клондоштуруу жолу м-н (башкача айтканда вегетациялык көбөйүү аркылуу) сорттун өзгө­чөлүгүн сактоого болот.