КЛАССИЦИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛАССИЦИ́ЗМ (лат. classicus – эң үлгүлүү) – 17–19-к-дын башында ад-т м-н иск-водо байыр­кы мурастарды идеалдуу үлгү катары туура­ган стиль, багыт. Европадагы улуттук борбор­доштурулган кубаттуу монархиялардын акыр­кы түзүлүш доорунда пайда болгон. К. абсо­лютизмдин жогорулоо мезгилинин чагылы­шы катары 17-к-да Францияда түзүлгөн. А д а­б и я т т а К. Байыркы Грекия м-н Байыркы Римдин классикалык чыгармаларын үлгү тут­кан. К. багытында чыгарма жазгандар антика­лык ад-ттын үлгүлөрүн туурашкан, белгилүү эрежелер б-ча көркөм образдарды түзүшкөн. 17– 18-к-да К. француз ад-тында калыптанып, анын эң ири өкүлдөрү: Н. Буалонун (1636–1711) ыр­лары, П. Корнелдин (1606–84), Ж. Расиндин (1639–99) трагедиялары, Ж. Б. Мольердин ко­медияларыж.б.кеңирибелгилүүболгон.К.Рос­сияда 18-к-дын 2-жарымынан өнүгө баштаган (А. Д. Кантемир, А. П. Сумароков, В. К. Тредиа­ковский, Д. И. Фонвизин ж. б.). Бул багытта­гы калемгерлер чыгармаларында өлкөнүн тур­мушу үчүн өтө маанилүү окуяларды сүрөттөөгө аракеттенишкен. К-дин иск-водогу өзгөчөлүгү жаратылышты ж-а байыркы иск-вонун үлгүлөрүн тууроо, үч биримдиктин (окуя, мез­гил, жер) шарттуу түрдө болушу, мамлекетке кызмат кылуу ж. б. болгон. К. эки (дворян­дык, прогрессчил) багытта өнүккөн. Дворяндык багыттагылар турмушту идеалдаштырып, ри­торикалуулукка ыкташкан. Экинчи багытта­гылар – трагедияда идеалуулук м-н эмоция­луулукка, ал эми комедияда сатиралык типтеш­тирүүгө жетишкен. 17-к-дагы К. көркөм идеал­дардын бир аз абстракттуулугу, жалаң акыл­эске таянуучулук мүнөзү, адам м-н табиятты идеалдаштырууга умтулуу, эстетикалык нор­маларга баш ийүү, тактык көркөм формалар­дын ийкемдүүлүгү мүнөздүү. Ж и в о п и с т е 18-к-да К-дин ири өкүлү живописчи Ж. Л. Да­вид биринчи кезекте байыркы дүйнөнүн идеал-

К. Лорен. «Давид жана үч мифологиялык каарман менен пейзаж». 1658. Улуттук галерея. Лондон.

дарына, эркиндик үчүн күрөшүүчүлөрдүн эрдик­терине кайрылган. Бир жагынан романтизм­ге жакындоо м-н 18-к-дагы К. бир топ дең­гээлде дворяндык К-дин абстракттуулугун жеңе алган ж-а көркөм өнөрдө татаал сезим дүйнөсү м-н көз караштарын бекемдеген. Наполеон им­периясынын доорундагы К. (ампир деп атал­ган) негизинен императордук байыркы Рим көркөм өнөрүнөн багыт алган ж-а көбүрөөк шаан-шөкөттүк белгилерге ээ болгон. К-дин көрүнүктүү өкүлдөрү: сүрөтчүлөр Н. Пуссен, Ш. Лебрен, К. Лоррен, Д. Энгр (Франция), А. Р. Менгс, Й. А. Кох (Германия) ж. б.; скульп­торлор – Ж. Б. Пигаль, Э. М. Фальконе (Фран­ция), И. Г. Шадов (Германия), Б. Торвальдсен (Дания), А. Канова (Италия). Россиянын сүрөт өнөрүндө К-дин өнүгүшү 1757-ж. Петербургда

Версаль сарайындагы Опера театрынын залы. 1748– 70. Архитектор Ж. А. Габриэль, скульптор О. Пажу.


уюшулган Сүрөт академиясына байланыштуу. Орус тарыхый живописинин өкүлдөрү А. П. Ло­сенко, Г. И. Угрюмов, А. И. Иванов, К. П. Брюл­лов гуманизм идеяларын, патриотизмди туу ту­тушкан. Орус К-инин өкүлдөрү скульпторлор М. И. Козловский, И. П. Мартос, Ф. Ф. Щедрин идеалык жеткилеңдикке, классикалык образ­дын беделдүүлүгүнө жетишкен. А р х и т е к­т у р а д а К-ди Францияда Ж. Ардуен-Мансар, А. Ленотр (Версаль ак сарай-парк ансамблин түзүүчүлөр), Ж. А. Габриэль, К. Н. Леду, Англия­да К. Рен, Россияда В. И. Баженов, М. В. Каза­ков, А. Н. Воронихин, А. Д. Захаров, К. И. Рос­си ж. б. өнүктүргөн. Арх-ралык курулуштар­дын формаларынын геометриялуулугу ж-а таа-

Санкт-Петербургдагы мрамор сарайы. 1768–85. Ар­хитектор А. Ринальди.

сындыгы, пландын логикалуулугу, дубалдары­нын ордер ж-а жөнөкөй жасалга м-н айкалыш­кандыгы мүнөздүү. М у з ы к а д а инсандын жашоосунун ички ыргагы, акыл-эси, ой-толгоо­су ички мыйзам ченемдүүлүккө, эриш-аркак­тыкка баш иерине, ушундан улам жашоонун ошого ылайыкталгандыгына ишенген. К. көр­көм өнөрдү адамзат рухунун бийиктигинин да­лили катары карап, ички ыргактын төп кели­шин, жанрдык эреженин сакталышын, ке­йипкерлердин мүнөзүн ачуудагы типтүүлүктү талап кылган [Й. Гайдн, В. Моцарт (Австрия); Л. Бетховен (Германия); Ж. Б. Люлли (Фран­ция)]. Т е а т р искусствосу үчүн спектаклдин салтанаттуу, салмактуу түзүлүшү, ырларды жай окуу мүнөздүү (Францияда Мондори, Т. Дюпарк, М. Шанмеле, А. Лекен, Ф. Ж. Тальма, Э. Ра­шель; Германияда К. Найбер; Россияда Ф. Г. Вол­ков, И. А. Димитриевский) болгон. 20-к-да К-дин көркөм салттары неоклассицизмде жан­данган.


Ад.: Русский и западноевропейский классицизм.
Проза. М., 1982; Даниэл С. М. Европейский класси­цизм. СПб., 2003; Карев А. Классицизм в русской живописи. М., 2003; История зарубежного театра. СПб, 2005.