КЛАССИЦИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:55, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛАССИЦИ́ЗМ (латынча classicus – эң үлгүлүү) – XVII–XIX кылымдардын башында адабият менен искусстводо байыр­кы мурастарды идеалдуу үлгү катары туура­ган стиль, багыт. Европадагы улуттук борбор­доштурулган кубаттуу монархиялардын акыр­кы түзүлүш доорунда пайда болгон. Классицизм абсо­лютизмдин жогорулоо мезгилинин чагылы­шы катары XVII кылымда Францияда түзүлгөн. А д а ­б и я т т а классицизм Байыркы Грекия менен Байыркы Римдин классикалык чыгармаларын үлгү тут­кан. Классицизм багытында чыгарма жазгандар антика­лык адабияттын үлгүлөрүн туурашкан, белгилүү эрежелер боюнча көркөм образдарды түзүшкөн. XVII–XVIII кылымдарда классицизм француз адабиятында калыптанып, анын эң ири өкүлдөрү: Н. Буалонун (1636–1711) ыр­лары, П. Корнелдин (1606–1684), Ж. Расиндин (1639–1699) трагедиялары, Ж. Б. Мольердин ко­медиялары жана башкалар кеңири белгилүүболгон. Классицизм Рос­сияда XVIII кылымдын 2-жарымынан өнүгө баштаган (А. Д. Кантемир, А. П. Сумароков, В. К. Тредиа­ковский, Д. И. Фонвизин жана башкалар). Бул багытта­гы калемгерлер чыгармаларында өлкөнүн тур­мушу үчүн өтө маанилүү окуяларды сүрөттөөгө аракеттенишкен. Классицизмдин искусстводогу өзгөчөлүгү жаратылышты жана байыркы искусствонун үлгүлөрүн тууроо, үч биримдиктин (окуя, мез­гил, жер) шарттуу түрдө болушу, мамлекетке кызмат кылуу жана башкалар болгон. Классицизм эки (дворян­дык, прогрессчил) багытта өнүккөн. Дворяндык багыттагылар турмушту идеалдаштырып, ри­торикалуулукка ыкташкан. Экинчи багытта­гылар – трагедияда идеалуулук менен эмоция­луулукка, ал эми комедияда сатиралык типтеш­тирүүгө жетишкен. XVII кылымдагы классицизмге көркөм идеал­дардын бир аз абстракттуулугу, жалаң акыл­- эске таянуучулук мүнөзү, адам менен табиятты идеалдаштырууга умтулуу, эстетикалык ченемдерге баш ийүү, тактык көркөм формалар­дын ийкемдүүлүгү мүнөздүү. Ж и в о п и с т е XVIII кылымда классицизмдин ири өкүлү живописчи Ж. Л. Да­вид биринчи кезекте байыркы дүйнөнүн идеалдарына, эркиндик үчүн күрөшүүчүлөрдүн эрдик­терине кайрылган.

К. Лорен. «Давид жана үч мифологиялык каарман менен пейзаж». 1658. Улуттук галерея. Лондон.

Бир жагынан романтизм­ге жакындоо менен XVIII кылымдагы классицизм бир топ дең­гээлде дворяндык классицизмдин абстракттуулугун жеңе алган жана көркөм өнөрдө татаал сезим дүйнөсү менен көз караштарын бекемдеген. Наполеон им­периясынын доорундагы классицизм (ампир деп атал­ган) негизинен императордук байыркы Рим көркөм өнөрүнөн багыт алган жана көбүрөөк шаан-шөкөттүк белгилерге ээ болгон. Классицизмдин көрүнүктүү өкүлдөрү: сүрөтчүлөр Н. Пуссен, Ш. Лебрен, К. Лоррен, Д. Энгр (Франция), А. Р. Менгс, Й. А. Кох (Германия) жана башкалар; айкелчилер – Ж. Б. Пигаль, Э. М. Фальконе (Фран­ция), И. Г. Шадов (Германия), Б. Торвальдсен (Дания), А. Канова (Италия). Россиянын сүрөт өнөрүндө классицизмдин өнүгүшү 1757-жылы Петербургда уюшулган Сүрөт академиясына байланыштуу.

Версаль сарайындагы Опера театрынын залы. 1748–1770. Архитектор Ж. А. Габриэль, айкелчи О.Пажу.

Орус тарыхый живописинин өкүлдөрү А. П. Ло­сенко, Г. И. Угрюмов, А. И. Иванов, К. П. Брюл­лов гуманизм идеяларын, патриотизмди туу ту­тушкан. Орус классицизминин өкүлдөрү айкелчилер М. И. Козловский, И. П. Мартос, Ф.Ф.Щедрин идеалык жеткилеңдикке, классикалык образ­дын беделдүүлүгүнө жетишкен. А р х и т е к­т у р а д а классицизмди Францияда Ж. Ардуен-Мансар, А. Ленотр (Версаль ак сарай-парк ансамблин түзүүчүлөр), Ж.А.Габриэль, К. Н. Леду, Англия­да К. Рен, Россияда В. И. Баженов, М. В. Каза­ков, А. Н. Воронихин, А. Д. Захаров, К. И. Рос­си жана башкалар өнүктүргөн. Архитектуралык курулуштар­дын формаларынын геометриялуулугу жана таасындыгы, пландын логикалуулугу, дубалдары­нын ордер жана жөнөкөй жасалга менен айкалыш­кандыгы мүнөздүү.

Санкт-Петербургдагы мрамор сарайы. 1768–1785. Ар­хитектор А. Ринальди.

М у з ы к а д а инсандын жашоосунун ички ыргагы, акыл-эси, ой-толгоо­су ички мыйзам ченемдүүлүккө, эриш-аркак­тыкка баш иерине, ушундан улам жашоонун ошого ылайыкталгандыгына ишенген. Классицизм көр­көм өнөрдү адамзат рухунун бийиктигинин да­лили катары карап, ички ыргактын төп кели­шин, жанрдык эреженин сакталышын, ке­йипкерлердин мүнөзүн ачуудагы типтүүлүктү талап кылган [Й. Гайдн, В. Моцарт (Австрия); Л. Бетховен (Германия); Ж. Б. Люлли (Фран­ция)]. Т е а т р искусствосу үчүн спектаклдин салтанаттуу, салмактуу түзүлүшү, ырларды жай окуу мүнөздүү (Францияда Мондори, Т. Дюпарк, М. Шанмеле, А. Лекен, Ф. Ж. Тальма, Э. Ра­шель; Германияда К. Найбер; Россияда Ф. Г. Вол­ков, И. А. Димитриевский) болгон. XX кылымда классицизмдин көркөм салттары неоклассицизмде жан­данган.


Ад.: Русский и западноевропейский классицизм.
Проза. М., 1982; Даниэл С. М. Европейский класси­цизм. СПб., 2003; Карев А. Классицизм в русской живописи. М., 2003; История зарубежного театра. СПб, 2005.