КЛАПЕЙРОН ТЕҢДЕМЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:44, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛАПЕЙРО́Н ТЕҢДЕМЕСИ (Клапейрон – Мен­делеев теңдемеси) – идеалдык газдардын абалын аныктоочу термодинамикалык параметрлердин (көлөм V, басым р ж-а абсолюттук температура Т) ортосундагы көз карандылыкты туюнтуучу теңдеме: рV=ВТ. Мында пропорциялаштык коэффиенти В газдын M массасына ж-а жаратылышына (башкача айтканда моль мас­сасына) көз каранды. Теңдемени Б. П. Э. Кла­пейрон 1834-ж. аныктаган. 1874-ж. Д. И. Мен­делеев идеалдык газдын 1 молу үчүн абал теңде­месин чыгарган: pV=RT, мында R – универсал­дык газ туруктуулугу. Эгер газдын моль мас­сасын m деп белгилесек, анда PV=RTM/m. Бул туюнтма Клапейрон – Менделеевдин идеалдык газ абалынын теңдемеси деп аталат. Бул теңде­ме Бойль – Мариотт, Гей-Люссак ж-а Авогадро закондорун бириктирет. Анча чоң эмес басымда ж-а жогорку температураларда Клайперон тендемеси реалдык газ­дардын (мисалы, атмесфаралык абага, кыймылдаткычтан чыккан калдыктарга) абалын белгилүү даража­дагы тактык м-н мүнөздөөгө колдонсо болот. Көп кездешүүчү газдар – суутек, гелий, кычкыл­тек, аба, азот ж. б. идеалдык газга окшош бол­гондуктан, Клапейрон тендемеси колдонулат.