КИШИНЁВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:03, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИШИНЁВ , К и ш и н э у – Молдова Республикасынын борбору, шаар. 1995-жылдан өзгөчө автономия макамы бар өзүнчө административдик бирдикти – муниципий­ди түзөт.

Шаардын кире бериши.

Бык дарыясынын боюнда (Днестрдин оң куй­масы), Кодр токойлуу дөңсөөсүндө, деңиз деңгээлинен 429 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 785,1 миң (2008; агломерациясында 1,3 млн). Темир жана автомобиль жолдорунун ири тоому. Эл аралык аэропорту бар. Алгач 1466-жылдан «Акбашев Кешенев» деп эскерилет. 1712-жылы расмий булак­тарда шаар деп аталган. XV кылымдын башынан Ос­мон империясынын, 1812-жылдан Россия им­периясынын, 1918-жылдан Румыниянын, 1940-жылдан СССРдин (Молдаван ССРинин борбору) курамында болгон. 1991-жылдан Молдова Респ­убликасынын борбору. Машина куруу (анын ичинде айыл чарба маши­налары, соода жана тамак-аш, авиация, муздат­кычтар, электр-өлчөөчү приборлор жана башка өнөр жай үчүн жабдуулар, телевизорлор жана башкалар), тамак-аш–татымалдар [жашылча-жемиш консервалары, шарап даярдоочу (салттуу мүнөзгө ээ), тамеки], химия (фармацевтика, лак-боёктор, пластмасса буюмдары, парфюмерия), жыгаччылык (анын ичинде эме­рек) өнөр жай ишканалары жана кондитер (250гө жа­кын продукция чыгарат), тигүү фабрикакалары, айнек такталар заводу, трикотаж бирикмеси иштейт. Ки­лем токулуп, зер буюмдар даярдалат. Шаардын борбордук аянтында салтанат капкасы, тарыхый бөлүгүндө Орган залы жайгашкан. Ошондой эле кафед­ралуу собор (учурда сүрөт музейинин филиалы), Мазаракиевск (XVIII кылым), Рышкановск (XVIII кылым) жана Благовещенск (XIX кылымдын башы) чиркөөлөрү сак­талган. Кишинёвдо Улуу Стефан IIIгө, М. Горькийге, Л. Н. Толстойго жана башкаларга эстелик орнотулган.
Кишинёв – Молдованын илим, билим жана маданий ири борбору. Шаарда 30дан ашык жогорку окуу жайлар (анын ичинде мамлекеттик университеттер), Илимдер академиясы, бир нече илимий изилдөө институттары, китепканалар (80ден ашык), А. С. Пушкиндин үй-музейи, 9 музей (анын ичинде тарых-край таануу, сүрөт, адабият жана башкалар), театр­лар (анын ичинде опера жана балет), филармония бар. Кишинёвдо туристтер үчүн заманбап мейманканалар ку­рулган. Шаардын чегинде шарап сакталган Кри­ково атактуу жер төлөсү, Чыгыш Европанын түштүгүндөгү эң кооз табигый парк – Роза гүлдөр өрөөнү, күмүш көлмөлөр жана бүтүндөй бир парк айкел галереясы жайгашкан. Жыл сайын эл аралык куурчак театрлар жана музыкалык фестивал­дар, конкурстар өткөрүлүп турат.

Ад.: Кишинёв. Энциклопедия. Киш., 1997; Киши­нёв// Большая Российская Энциклопедия. Т. 14. М., 2009.