КИЧИ ТЕАТР
КИЧИ ТЕА́ТР , Р о с с и я н ы н к и ч и т е а тр ы – Москвадагы байыркы театр. 1824-ж. 14(26)- октябрда расмий К. т. деген наам м-н ачылган (жаңы имаратта иштей баштаган), бирок драмалык туруктуу труппасы 18-к-дын 50-жылдарында эле калыптанган. 1919-жылдан акад. театрда А. Грибоедовдун, Н. Гоголдун ж-а А. Островскийдин, батыш европ. классиктердин (У. Шекспир, Ф. Шиллер, Лопе де Вега) пьесаларын коюу м-н реалисттик актёрдук өнөр калыптанган. К. т. орус мад-тынын өсүшүнө олуттуу таасир тийгизген. Театрдын чыг-лыгы Россиядагы коомдук алдыңкы көз караш м-н тыгыз байланышта болгон. К. т-да П. Садовский, М. Щепкин, И. Самарин, В. Живокини, С. Шумский, М. Ермолова, Н. Яковлев, А. Яблочкина, М. Царёв, М. Жаров, Э. Быстрицкая, Е. Самойлов ж. б. атактуу режиссёрлор ж-а артисттер эмгектенишкен. Көркөм жетекчиси Ю. Соломин (1988-жылдан). К. т. 1937-ж. Ленин ордени м-н сыйланган. К. т-дын студиясында 1974-жылдан кыргыз улан-кыздары окуган.