КИЧИ ЖЕТИГЕН
КИЧИ ЖЕТИГЕН (лат. Ursa Minor) – асмандын Түндук жарым шарындагы уюлга жакын жаркырак жылдыздар тобу. Эң жарык жылдыздары чөмүчкө окшош фигураны түзүп, сабынын учундагы четки жылдызы – Алтын казык, ал дүйнөнүн Түндук уюлуна жакын жайгашкан. Ошондой эле чөмүчтүн башындагы эки жарык жылдыздын бири – Кохаб – Жерден болжол м-н 95 жарык жылы аралыкта, экинчиси y Ферхад ж-а анын жандоочусун (Астеризм) куралсыз көз м-н көрүүгө болот.