КИТ СЫМАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:47, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТ СЫМАЛДАР (Сetacea) – сууда жашоочу сүт эмүүчүлөр түркүмү. Кит сымалдардын дене узундугу 1,1 мден 33 мге, салмагы 30 кгдан 150 тоннага чейин жетет. Дайыма сууда жашоого ыңгайланышкан. Дене­си сүйрү, кош калактуу куйругу түз (горизон­талдуу). Тери астындагы май катмары калың, жылуулукту сактайт. Жүнү, тери бездери, арт­кы буттары ж-а жамбашы жоголуп кеткен (ре­дукцияланган). Типтүү жыт билүү органы жок, бирок хеморецепциясы ж-а угуусу жакшы өөрчүгөн. Алдыңкы буттары – көкүрөк сүзгүч­төрү же калакчалары жалпак, 4–5 манжалуу.
Мурун тешиги бирөө же экөө, төбөсүндө жай­гашкан, дем алууда ж-а дем чыгарууда гана ачы­лат, көзү кичине, жаш бездери жок. Азыгын бүтүн бойдон жутат. Шилекей бездери жок. Ка­рыны татаал, 8–14 бөлүмдөн турат. 2 түркүмчөсү (муруту чоң ж-а тиштүү киттер) белгилүү. Му­рутчан ж-а тишсиз кит сымалдардын 3 тукуму (жылма киттер, чаар киттер ж-а боз киттер), тиштүү кит сымалдардын 4 тукуму (кашалоттор, тумшуктуу кит­тер, дельфиндер ж-а дарыя дельфиндери), 38 уруусу, 80ге жакын түрү бар. КМШ өлкөлөрүнүн сууларында 25 уруусу, 32 түрү кездешет. Алар Арктикадан Антарктикага чейинки

жайында муздак сууда семирет (май топтойт), ал эми кышында жылуу сууда көбөйөт. Жер которгону белгилөө же эн салуу м-н аныкта­лат. Муруттуу киттердин 5–10 миң км аралык­ка барып, бирок ар качан экватордон ары өтпө­гөндүгүн ж-а жыл сайын ошол эле аймакка кай­та келери аныкталган. Тиштүү киттер – балык­тар, баш буттуу моллюскалар м-н, муруттуу кит­тер негизинен планктон, рак сымалдар м-н азык­танат. Көбүнчө моногамдар. 2–6 жашында жы­ныстык жактан жетилет. Көпчүлүгү 1 жылга жакын көтөрүп, 2 жылда бир жолу бирден тууйт. Ургаачысынын жыныс жылчыгынын каптал жагында 2 упчусу болот. Атайын бул­чуңдардын жыйрылуусу м-н сүт баласынын оозу­на бүркүлөт. Баласын сүт м-н 4 айдан (майда дельфиндер) 1 жылга чейин (кашалоттор) ба­гат. 30–50 жыл жашайт. Көпчүлүк К. с-дын саны азайып, көптөгөн популяциялары (өзгөчө чоң киттердин) жоголуп кетүү чегинде болгон­дуктан, 18 түрү ж-а 1 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.