КИТО
КИ́ТО – Эквадор Респ-нын борбору, шаар. Пичинча провинциясынын адм. борбору. Түш. Американын түн.-батыш бөлүгүндө, экватордон 25 км түштүктө, тоо аралык Сьерра-де-Эквадор

дөбөлүү ойдуңунда, деңиз деңг. 2818 м бийиктикте, аракеттеги (акыркы жолу 1999-ж. атылган) Пичинча жанартоосунун этегинде, Панамерика шоссесинин боюнда жайгашкан. К-го жакын 8 жанартоо (Котопахи, Антисана, Каямбе ж. б.) бар. Шаардын экол. абалына жанартоодон атылып чыккан күл тескери таасирин тийгизет. Калкы 1,6 млн (2008); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Т. ж. аркылуу Тынч океандын жээгиндеги Гуаякиль, Эсмеральдас порттору ж-а автострада аркылуу Лима (Перу), Санта-Фе-де-Богота (Колумбия) шаарлары м-н байланышат. Метрополитен курулууда (2008). Испандар тарабынан 1534-ж. негизделген. Испаниянын ээлиги мезгилинде Кито обл-нун, 1830-жылдан Эквадордун борбору. Калкынын 76%и тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. К-да чет өлкөлүк ж-а ири банктардын,
нефть компанияларынын штаб-квартиралары жайгашкан. Текстиль (жүн жип, кездеме), жеңил, машина куруу, металл иштетүү (цистерна,
нефть ж-а газ сактоочу баллондор), хим. (тиричилик химикаттары), жыгаччылык (паркет, жыгач эшиктер), тамак-аш–татымал, булгаары–
бут кийим ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. Эквадордун ил. ж-а маданий борбору. Эки ун-т, тил академиясы (1874), Аскер география ин-ту (1950; алдында музей бар), аялдар коллежи ж-а пед. ин-т, улуттук политех. мектеби, журналисттерди даярдоочу Латын Америка борбору, улуттук музыка академиясы, музейлер (тарых, археол., этногр. ж. б.), мамл. эмес ЖОЖ (а. и. католик ж. б.), театр, китепканалар, сүрөт галереясы, обсерватория бар. Өкмөт үйү жайгашкан. Чиркөөлөр, собор, монастырлар сакталган. Шаардын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Ботан. бак (Түш. Американын экзотикалык флорасы өстүрүлөт) уюштурулган. Жер титирөөдөн (1660, 1797,
1868, 1987, 2006) бир нече жолу жабыркаган.