КИТО
КИ́ТО – Эквадор Республикасынын борбору, шаар. Пичинча провинциясынын административдик борбору. Түштүк Американын түндүк-батыш бөлүгүндө, экватордон 25 км түштүктө, тоо аралык Сьерра-де-Эквадор

дөбөлүү ойдуңунда, деңиз деңгээлинен 2818 м бийиктикте, аракеттеги (акыркы жолу 1999-жылы атылган) Пичинча жанар тоосунун этегинде, Панамерика шоссесинин боюнда жайгашкан. Китого жакын 8 жанар тоо (Котопахи, Антисана, Каямбе жана башкалар) бар. Шаардын экологиялык абалына жанар тоодон атылып чыккан күл тескери таасирин тийгизет. Калкы 1,6 млн (2008); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Темир жол аркылуу Тынч океандын жээгиндеги Гуаякиль, Эсмеральдас порттору жана автострада аркылуу Лима (Перу), Санта-Фе-де-Богота (Колумбия) шаарлары менен байланышат. Метрополитен курулууда (2008). Испандар тарабынан 1534-жылы негизделген. Испаниянын ээлиги мезгилинде Кито облусунун, 1830-жылдан Эквадордун борбору. Калкынын 76%и тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Китода чет өлкөлүк жаана ири банктардын,
нефть компанияларынын штаб-квартиралары жайгашкан. Текстиль (жүн жип, кездеме), жеңил, машина куруу, металл иштетүү (цистерна, нефть жана газ сактоочу баллондор), химия (тиричилик химикаттары), жыгаччылык (паркет, жыгач эшиктер), тамак-аш–татымал, булгаары – бут кийим жана башка өнөр жай ишканалары иштейт. Эквадордун илимий жана маданий борбору. Эки университет, тил академиясы (1874), Аскер география институту (1950; алдында музей бар), аялдар коллежи жана педагогикалык институт, улуттук политехникалык мектеби, журналисттерди даярдоочу Латын Америка борбору, улуттук музыка академиясы, музейлер (тарых, археология, этнография жана башкалар), мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлар (анын ичинде католик жана башкалар), театр, китепканалар, сүрөт галереясы, обсерватория бар. Өкмөт үйү жайгашкан. Чиркөөлөр, собор, монастырлар сакталган. Шаардын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Ботаникалык бак (Түштүк Американын экзотикалык флорасы өстүрүлөт) уюштурулган. Жер титирөөдөн (1660, 1797, 1868, 1987, 2006) бир нече жолу жабыркаган.