КИТЕПКАНАЛЫК-БИБЛИОГРАФИЯЛЫК КЛАССИФИКАЦИЯ
КИТЕПКАНАЛЫК-БИБЛИОГРАФИЯЛЫК КЛАССИФИКА́ЦИЯ – китеп, журналдардын (же айрым документтердин) мазмуну, басылуу формасы, окурмандарга багытталышы ж. б. касиетине карай класска бөлүнүп иреттелиши. Мазмунуна карата К.-б. к. универсал ж-а тармактык деп бөлүнөт. К.-б. к. системалык каталогдун ж-а библиогр. карточкалардын түзүлүшүнө жараша болот.