КИТЕПКАНАЛЫК-БИБЛИОГРАФИЯЛЫК КЛАССИФИКАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:37, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТЕПКАНАЛЫК-БИБЛИОГРАФИЯЛЫК КЛАССИФИКА́ЦИЯ – китеп, журналдардын (же айрым документтердин) мазмуну, басылуу фор­масы, окурмандарга багытталышы жана башка касие­тине карай класска бөлүнүп иреттелиши. Маз­мунуна карата китепкана-библиографиялык классификация универсал жана тармак­тык деп бөлүнөт. китепкана-библиографиялык классификация системалык каталог­дун жана библиографиялык карточкалардын түзүлүшүнө жараша болот.