КИТЕПКАНА КАТАЛОГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:48, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТЕПКАНА КАТАЛОГУ – китептердин китеп­каналардагы тизмеси. Китепкана каталогу китеп казынасында кандай китептер бар экенин тактап билүүгө, алар­ды тандап окууга көмөк берет. Китепкана каталогу китеп окуу­чу жана жумушчу деп экиге бөлүнөт: окурман өзү издеген китеп кайсы жерде жайгашканын сурап алат жана китепканадагы бардык китептердин тизмеси кирет. Материалдардын бөлүнүшүнө жараша каталогдор системалык жана предмет­тик, алфавиттик, номерлүү ж. б. болуп ажыра­тылат. С и с т е м а л ы к жана п р е д м е т­т и к каталогдо китептерге жазылган карточка­лар илимдин тармактары боюча бөлүнүп, алфавит тартибинде жайгашат. А л ф а в и т т и к ката­логдогу карточкалар китеп авторлорунун аты-­жөнү жана китептин өзүнүн аталышы алфавит тартибинде берилет, н о м е р л ү ү каталогдо карточкалар китепке берилген номерлер боюча орун ээлейт. Кыргызстандын республикалык, облустук, шаардык жана ра­йондук китепканаларында алфавиттик жана сис­темалык китепкана каталогу уюштурулган.