КВАДРАТТЫК ТЕҢДЕМЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:14, 14 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАДРАТТЫК ТЕҢДЕМЕ – экинчи даражада­гы, башкача айтканда, ах2+bx+c=0 түрүндөгү бир белгисиздүү алгебралык теңдеме; мында a:;0, a, b, c – чыныгы сан­дар, башкача айтканда коэффициенти. D=b 2–4ac туюнтмасы ах2+bx+c квадраттык үч мүчөнүн дискрими­нанты деп аталат. Квадраттык теңдеме эки тамырга ээ: x1,2=- b ± =b2 - 4ac2a ж-а эгер D>0 болсо, анда тамыр­лары чыныгы ж-а түрдүү, качан D=0 болсо, та­мырлары дал келишет, качан D<0 болгондо чы­ныгы тамырга ээ болбойт, теңдеменин тамыры комплекстүү сандар (түйүндөш комплекстүү) бо­лот. Квадраттык теңдеменин коэффициенттери ж-а тамырлары үчүн франциялык математик Ф. Виеттин теоремасына ыла­йык x1 + x2 = - c , x1 · x2 = c / a катышы аткарылат.
Бул теорема өзгөчө келтирилген квадраттык теңдеме үчүн өтө ыңгайлуу: x1 +x2 =–p, х1·x2 =q. Б. з. ч. 20-кылымдагы вавилондуктардын чопо такталардагы жазуула­рында квадраттык теңдеменин түшүндүрмөсүз чыгарылышта­ры болгон ж-а чыгарылыштарды көптөгөн ма­тематиктер изилдеген.