КВАДРАТТЫК ОРТО САН
КВАДРАТТЫК ОРТО САН – каалагандай n, башкача айтканда, а1, а2, ..., аn сандарынын квадраттарынын арифметикалык орто санынан алынган квадраттык тамырга барабар сан, башкача айтканда ал d=мында n. Квадраттык орто сан алгебра, геометрия, математикалык анализде (талдоодо) эле эмес, өлчөө-ченөө жыйынтыктарын эсептеп чыгууда статистикада да, ыктымалдуулук теориясында да (ушулардан квадраттык орто сандын аталышы келип чыккан) колдонулат.