КАШКА-ТЕРЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:34, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА-ТЕРЕК – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Кыз-Көл айыл округуна ка­раштуу. Көгарт суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1120 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 27 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 25 км. Кыштак 1896-жылы негизделген. Калкы 2109 (2022); неги­зинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китеп­кана, ФАП бар.