КАШКА-СУУ (Аксы районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАШКА-СУУ to КАШКА-СУУ (Аксы районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА-СУУ – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Кашка-Суу айыл округунун борбору. Деңиз деңгээлинен 1557 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Кербен шаарынан 15 км батыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 87 км. Калкы 3620 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто ж-а негизги мек­теп, амбулатория, маданият үйү, китепкана бар.