КАСЫБЕКОВ Эркинбек Шактыбекович
КАСЫБЕКОВ Эркинбек Шактыбекович (1963-жылы туулган, Фрунзе шаары) – биология илимдеринин доктору (2002). КМУну (1985), Кыргыз ССР ИАнын биология институтунун аспирантурасын (1990) бүтүргөн. 1990- жылдан ошол эле жерде кенже, улук илимий кызматкер, Каунтерпарт консорциумунда машыктыргыч – консультант, директордун орун басары, Кыргызстан орнитология илимий коомунун төрөгасы (1993), 1998-жылдан Каунтерпарт консорциумунун директору. 40тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 4 монографиясы бар.
Эмг.: Население наземных позвоночных Севернего Кыргызстана (в соавторстве). Б., 1991.