КАТАР (мамлекет)
КАТА́Р, К а т а р М а м л е к е т и (Даулят Катар) –

Түштүк-Батыш Азиядагы өлкө. Араб жарым аралынын чыгыш бөлүгүн түзгөн Катар жарым аралынан орун алып, Перс булуңу м-н чулганат. Түштүгүнөн Сауд Арабиясы м-н чектешет.
Аянты 11,52 миң км2. Калкы 3,1 млн (2024). Борбору – Доха. Расмий тили – араб тили. Акча бирдиги – катар риалы. Административдик-аймактык жактан 10 муниципалитетке (баладийятка) бөлүнөт.
Катар – БУУнун (1971), Нефть экспорттоочу
өлкөлөр уюмунун (1961), Араб өлкөлөр лигасы-

нын (1971), ЭВФтин (1972), Ислам конференция уюмунун (1970), Перс булуңу араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин (1981), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1996) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Катар – унитардык мамлекет. Конституциясы 2003-жылы 29-апрелдеги референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы – абсолюттук монархия. Мамлекет башчысы – эмир. Мыйзам чыгаруучу органы (мажлис аль-шура) 45 мүчөдөн турат (30ун Катардын жарандары шайлайт, 15ин эмир дайындайт). Мажлистин бийлик мөөнөтү 4 жыл. Ал мыйзам долбоорлорун кабыл алат, бюджетти бекитет, ошондой эле өкмөт иштерин көзөмөлдөйт. Мажлис кабыл алган бардык мыйзам долбоорлору эмирдин макулдугу м-н күчүнө кирет. Аткаруу бийлиги эмирге ж-а өкмөткө таандык. Премьер-министр жетектеген өкмөт (Министрлер Кеңеши) эмир тарабынан дайындалат. Негизги укугу – шариат. Саясий партиялардын ишмердигине тыюу салынган.
Табияты. Жээктери негизинен жапыз, түзөң, айрым жерлери булуң-буйткалуу; жээк сызыгынын узундугу 560 кмден ашык. Жээк бойлой жазылыгы 4 кмге жеткен шуру рифтүү тилке созулуп жатат. Катар жарым аралынын түндүк бөлүгү – чөлдүү түздүк, ага көчмө кум дөбөлөрү мүнөздүү; борбордук бөлүгүндө таштак чөл басымдуу. Түштүгүнө жапыз дөбөлөр (бийиктиги 103 мге чейин) мүнөздүү. Араб платформасынын чыгыш бөлүгүн ээлейт. Ири кендери: табигый газ (чалгындалган запасы боюнча дүйнөдө Россия, Ирандан кийинки 3-орунду ээлейт; 2005), нефть, ошондой эле цемент, курулуш акиташ теги, күкүрт, гипс ж. б. Газ м-н нефть негизинен шельфтерден казылып алынат. Климаты тропиктик континенттик, кургак. Январдын орточо температурасы 17–20°С, июль–августтуку 32–42°С; 50°Сге чейин ысыган мезгилдер да болот. Жаан-чачын аз (түндүгүндө жылына 125 ммге, түштүгүндө 50 ммге чейин), ноябрдан июнга чейин жаайт. Кумдуу ж-а чаңдуу бороон болуп турат. Туруктуу аккан дарыясы жок; кургак сайлар (вади) көп, эң ириси – Вади-Машриб. Жер астындагы суулары минералдашкан. Суу м-н начар камсыз болгон (жылына ар бир адамга 583 м3 өлчөмдөгү суу туура келет). Туссуздандырылган деңиз суусуна болгон муктаждык жылдан жылга күчөөдө; жыл

сайын 99 млн м3 деңиз суусу тузсуздандырылат. Чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү; чыгыш бөлүгүндө ксерофиттик бадалдар ж-а бадалчалар (акация, тамариск, түлкү машак) кездешет. Оазистер аз. Жаныбарларынан чөлгө мүнөздүү майда сойлоочулар, кемирүүчүлөр кездешет, Араб жарым аралынан жейрен келет (Катарда сүт эмүүчүлөрдүн 11 түрү мекендейт). Перс булуңунун жээги балыкка бай. Табиятты коргоочу 9 аймак уюшулган; анын ичинде жейрен ж-а араб ориксин асыроочу жайы да бар.
Калкы. Өлкөнүн калкынын 65,1%ин Катар арабдары түзөт; анын ичинде катарлыктар 31,1%, палестиналыктар 11,7%, ливандыктар 9,1%, сириялыктар 8,1%, египеттиктер 1,8, судандыктар 1,6%. Ошондой эле фарсылар (16,8%), белуждар (1,8%), түштүк ж-а түштүк-чыгыш азиялыктар ж. б. улуттар да жашайт. Калктын жылдык өсүүсү 2,4%. Төрөлүүнүн саны 1000 адамга 15,6 бала, өлүм-житим 4,8 адам. Калкынын орточо курагы 31,9 жыл. Курактык структурасында эмгекке жарамдуулардын (15–64 жаштагылардын) үлүшү зор, 72,9%; өспүрүмдөрдүкү (15 жашка чейинкилер) 23,1%, 65 жаштан ашкандар 4%; 100 аялга 185тен ашык эркек туура келет (негизинен чет элдик жумушчулардын эсебинен, миграциялык сальдосу 1000 13,1, 2007). Күтүлгөн орточо жашы

74,1 жыл (эркектердики 71,6, аялдардыкы 76,8 жыл). Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 80,6 адам (2008). Шаар калкы 92%; анын 2/3 си өлкөнүн чыгышындагы 2 шаарда – Доха (калкы 339 миң; 2008) м-н Эр-Райянда (258 миң) жашайт.
Тарыхы. Катар жарым аралын адамдар б. з. ч. 4–2-миң жылдыктан мекендеген. Катар жөнүндө алгач б. з. 1- кылымында рим тарыхчысы Плиний Улуу тарабынан эскерилет. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягынан Катарга араб уруулары отурукташа баштап, анын аймагы биринчи араб мамлекеттеринин бири – Харакены мамлекетине кирген. Харакены мамлекети ыдырагандан кийин Катар сасаниддик Ирандын бийлигинде болгон (4-кылым), 7-кылымда Араб халифатына кошулуп, ислам динин кабыл алган.
Омейяддардын учурунда Катар порт шаарлары – Эль-Бида, Эз-Зубара ж. б. м-н араб соода борборлорунун бирине айланган. 10–11-кылымдарда Катар карматтар мамлекетинин курамына кирген. 13-кылымда Оманга көз каранды болгон. 1320-жылы Катарды ж-а Перс булуңунун түштүк жээгиндеги эмирликтерди Ормуза шейх басып алып, 15-кылымдын 2- жарымынан алар Осмон империясына баш ийген. 16-кылымдын башында португалдар ээлеген, бирок 1536-жылы аларды осмон түрктөрү сүрүп чыккан. 16-кылымдын аягы – 17-кылымдын башында Ормуз кысыгынын жээктери англичандардын көзөмөлүнө өткөн. Перс булуңунун тегерегиндеги англис экспансиясынан чочулаган Осмон империясы Катар, Нежд ж-а ага жакын жерлерди расмий түрдө Осмон империясынын ээликтери деп жарыялаган. Бирок Катарда Осмон империясы жүргүзгөн бийлик номиналдуу болгон. 18-кылымда ошол чөлкөмдөгү күчтүү мамлекетке айланган Омандын Перс булуңундагы ээликтерге ж-а Катарга таасири күчтүү болгон. 1720-жылдары Оман династиясынын башкаруучулары Ярубиддер Түштүк-Чыгыш ж-а Чыгыш Арабияны (анын ичинде Катарды) толугу м-н өзүнө караткан. 18-кылымдын аягына чейин Оман имаматы европалыктардын Чыгыш Арабияга киришине тоскоол болгон. Бирок анын экиге (Ички Оман ж-а Маскат) бөлүнүшү, ошондой эле Иран ж-а Осмон империясынын начарлашынан улам Улуу Британия бул аймакта өзүнүн бийлигин чыңдаган. 1766-жылы Катарга Кувейттен бану атбан уруулары көчүп келген. Перс булуңунан англистерди кубалоо үчүн бану атбандар ваххабиттер м-н келишим түзүп, англистердин кемелерине каракчылык м-н кол салышкан. Чыгыш Арабиянын жээги британ тарыхый булактарында «Каракчы жээги» деп аталган. 1803-жылы ваххабиттер Катар, Бахрейн, Кувейт ж-а чыгыш арабиялык ээликтерге үстөмдүк жүргүзүшкөн. 1818–19-жылдарда англистер ваххабит ээликтерин талкалап, Осмондордун бийлигин калыбына келтирбеш үчүн британ өкмөтү Перс булуңуна аскер эскадрасын киргизген. 1820-жылы Улуу Британия чыгыш арабиялык шейхтер м-н «Тынчтык жөнүндө Генералдык келишим» түзүп, ал боюнча Перс булуңундагы ээликтер Англиянын колониясына айланган. 18-кылымдын 2- жарымында Катарда Тани династиясынын шейхи Касем бен Мухаммад Аль-Тани негиздеген чакан ээлик түзүлүп, ал 19-кылымдын аягында бүткүл Катарды бириктирген. 1871-жылы Катарды түрктөр кайрадан басып алып, 1914-жылга чейин бийлик кылган. 1-дүйнөлүк согуш жылдарында Аль- Тани династиясынын жүргүзгөн бийлигине элдин нааразычылыгы Катарда ички саясий кырдаалды курчуткан. Өзүнүн позициясын чыңдоо максатында 1916-жылы 3-ноябрда Абдалла бен Касем Аль-Тани шейх (1913–49) Улуу Британия м-н келишим түзгөн. Келишим боюнча Катар Улуу Британия протекторатына айланган. 2-дүйнөлүк согуш жылдарында Катардын борбору – Дохага британиялык аскерлер жайгашып, аскер имарат-

тары курулган. Согуш бүткөндөн кийин Катарда ички саясий кризис башталып, династиялык талаш-тартыштарга алып келген. Аль Тани династиясынын үч кланынын өкүлдөрү (Бани Хамад, Бани Али ж-а Бани Халед) бийлик талашкан. 1949-жылы Бани Хамад кланынын өкүлү Халифа бен Хамад Аль Тани шейх мурасчы болуп шайланган. Бани Али кланынан Али бен Абдалла Аль Тани шейх регент болуп дайындалып, 1960-жылга чейин башкарган. 1950-жылдары өлкөнү өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программасы ишке ашырыла баштаган. Кулчулук ж-а кул сатууга тыюу салуу жөнүндө декрет кабыл алынган, алгачкы башталгыч мектептер ачылып, дарылоо мекемелери көбөйүп ж. б. демократиялык реформалар жүргүзүлгөн. 1970-жылы 2-апрелде Катардын убактылуу Конституциясы кабыл алынып, Аль Тани үй-бүлөсүнүн бийлигин бекемдеген. Мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлиги эмирдин ж-а ал дайындаган Министрлер кеңешинин колунда болгон. Саясий партия, коомдук уюмдарды (профсоюз) түзүүгө тыюу салынган. 1970-жылы 28-майда уюшулган Министрлер кабинетин Халифа шейх жетектеген. 1971-жылы 28- июнда ал англичандар м-н сүйлөшүүлөр жүргүзүп, Улуу Британия м-н 1916-жылдагы макулдашуу Достук жөнүндө келишимге алмаштырылып, 1971-жылы 3-сентябрда Катар көз карандысыз мамлекетке айланган. 1972-жылы 22-февралда аксакалдар кеңешинин колдоосу м-н Халифа шейх өзүн эмир деп жарыялаган. Анын бийлигинин мезгилинде өлкөнүн экономикасы жогорулап, нефть өндүрүү өнөр жайы жаңыртылган. Жаңы жерлер өздөштүрүлүп, мал чарбасы өнүккөн. 1970–80-жылдарда жаңы өнөр жай ишканалары курулган. 1980-жылдардын 1-жарымынан банк сектору тез өнүгө баштаган. 1981-жылы Катар Перс булуңу араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешине кирип, кошуна эмираттар м-н болгон чек ара маселесин чечкен. 1990-жылдардын башында гезит, журналдар цензурага алынып, Катарга чет элдик басылыштар киргиздирилбей, окутуу программалары кайра каралып чыгып, ислам динине багытталган сабактардын сааттары көбөйтүлгөн. 1995-жылы бийликке келген Хамад бен Халиф Аль Тани тарабынан демократиялык өзгөртүүлөрдү жүргүзгөн цензура алынып, 1996-жылы «Аль Жазира» улуттук маалымат компаниясы түзүлгөн. 2003-жылы жаңы кабыл алынган Конституция (2005-жылы күчүнө кирген) боюнча аялдар шайлоого, парламентке шайланууга ж-а мамлекеттик кызматтарда иштөөгө укук алышкан. Бирок саясий партиялар м-н коомдук уюмдардын ишине тыюу салынган. 21-кылымдын башынан Катардын тышкы саясаты Перс булуңундагы коопсуздукту чыңдоого багытталган. Бул маселе боюнча Катар АКШ м-н тыгыз кызматташат. 2002-жылы декабрда Эль- Удайд булуңунда АКШ аскер базасы курулган. 2003-жылы Иракты оккупациялоодо эмират АКШ баш болгон батыш мамлекеттеринин негизги таяныч пункту болгон.
Чарбасы. 21-кылымдын башталышынан Катардын экономикасынын негизин углеводород сырьёлорун өндүрүү, кайра иштетүү ж-а экспорттоо түзөт. ИДПнин көлөмү 68,9 млрд доллар; аны киши башына бөлүштүргөндө 74,2 миң доллардан туура келет (дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт); ИДПнин көлөмүнүн динамикасы толугу м-н дүйнөлүк рынокто энергия сырьёсу боюнча түзүлгөн кырдаалга байланыштуу. Адам өнүгүүсүнүн индекси 0,875 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 35-орунда). Нефть кендерин иштетүүгө чейин Катардын чарбасынын негизги тармагы – балык кармоо ж-а бермет чогултуу болгон. 1990–2000-жылдарда нефть-химия комплекси ж-а чет элдик туризм өнүгө баштады. Катарга келген туристтердин саны жылдан жылга өсүүдө (2006-жылы 900 миң турист келген); заманбап мейманкана структурасы түзүлүүдө; мамлекеттик, эл аралык ж-а коммерциялык банктар, улуттук ж-а чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниялары иштейт. ИДП структурасында өнөр жайдын үлүшү 73,5% (анын ичинде нефть-газ өндүрүү 62%), тейлөө чөйрөсүнүкү 26,4%, айыл чарбаныкы 0,1%. Нефть өндүрүүнү мамлекеттик «Qatar Petroleum» компаниясы көзөмөлдөйт (2006-жылы суткасына 1,1 млн баррель өндүрүлгөн; 80%и экспорттолот). Өлкө боюнча өндүрүлгөн нефтинин жарымына жакыны Духан кенине туура келет; анда нефть м-н кошо газ ж-а газ конденсаты да алынат; нефть кууру аркылуу нефть экспорттоочу Умм-Саид порту м-н туташат. Нефть, ошондой эле өлкөнүн чыгышында, Перс булуңунун шельфинен өндүрүлөт. Перс булуңундагы кендердин нефтиси Халула аралындагы нефть терминалы аркылуу экспорттолот. 2005-жылы 43,9 млрд м3 газ өндүрүлгөн; эң ири кени – Түндүк кени (айрым жерлери, мисалы, Түштүк Парс Иранга таандык). 2005-жылы 13,5 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн; тиричиликте керектелүүчү электр энергиясы калкка акысыз берилет. Курулуш сектору (ИДПнин 5%тейи) өлкөнүн экономикасында мааниси боюнча отун-энергетикадан кийинки 2-орунда; аны м-н өнүккөн цемент өндүрүшү тыгыз байланышта.

Өнөр жай ишканаларынын басымдуу бөлүгү Умм- Саид (жер семирткич чыгаруучу, болот куюу заводдору ж. б.), Рас-Лаффан (негизинен газ иштетүүчү ишканалар) ж-а Доха шаарынын тегерегинде түзүлгөн индустриялуу зоналарда топтолгон. Катардын айыл чарбасынын өнүгүүсүнө анын катаал климаттык шарты, чөл ж-а жарым чөлдүү аймактардын басымдуулук кылышы тоскоолдук кылат (өлкөнүн аймагынын 3%ке жакын жери гана айыл чарбасында пайдаланылат). Мамлекеттен субсидия алган чакан айыл чарба ишканалары гана бар. Айыл чарба өдүрүшү элдин азык-түлүккө болгон муктаждыгынын 10%ин гана канааттандырат; азык-түлүктүн басымдуу бөлүгүн сырттан сатып алат. Жүгөрү ж-а таруу аз өлчөмдө гана жыйналат. Оазистерде мөмө-жемиш, курма пальмасы, жашылча өстүрүлөт. Эчки, төө, кой, жылкы асыралат; куш чарбасы өнүккөн. Балык кармоонун ж-а бермет чогултуунун мааниси зор.
Автомобиль жолунун жалпы узундугу 1230 км; анын негизги тармактары: Доха – Эр-Райян – Духан, Доха – Эль-Хаур – Эр-Рувайс, Доха – Эль-Киръана – Эль-Хуфуф (Сауд-Арабиясы). Жүктүн басымдуу бөлүгү деңиз транспорту м-н ташылат. Негизги деңиз порту – Доха. Беш аэропорттун бирөө эл аралык аэропорт (Дохадагы). Куур транспортунун узундугу 2164 км, анын ичинде газ куурунуку 1024 км, нефть куурунуку 844 км (2006).
Сырткы соода товар айлануусунун көлөмү 48,6 млрд доллар (2007), анын 33,5 млрд доллары экспорттук, 15,3 млн доллары импорттук товарлар. Экспортунун 70%ке жакынын нефть, нефть продуктулары ж-а суюлтулган газ түзөт; ошондой эле сыртка металл арматурасын, жер семирткич ж. б. да чыгарат. Экспорттук негизги соода шериктери: Япония, Корей Республикасы, Сингапур, Таиланд. Машина ж-а жабдууларды, эл керектөөчү товарларды, азык-түлүктү Франция, Япония, АКШ, Италия, Германия, Улуу Британия, Сауд Арабиясы, Корей Республикасынан сатып алат.
Маданияты. Катарда мектепке чейинки мекемеден университетке чейин үзгүлтүксүз билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган «К-12» билим берүү реформасы 2002-жылдан жүзөгө ашырылууда. Билим берүү мекемелерине билим берүү министрлиги (1957), билим берүү маселелери боюнча жогорку кеңеш жана билим берүү институту (2002) жетекчилик кылат. Билим берүү системасы мектепке чейинки (3төн 6 жашка чейин), милдеттүү башталгыч (6 жылдык), толук эмес орто (3 жылдык), толук орто (3 жылдык), кесиптик орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Мамлекеттик, менчик жана көз каранды эмес мектептер (2002) бар. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 89%ти түзөт (2004). Жогорку окуу жайлар, илимий мекемелер, китепканалар жана музейлер негизинен Дохада жайгашкан. Жетекчи кадрлардын Катар академиясы (2005) бар. Илимий мекемелер (баары Дохада) жана башкалар иштейт.
Эмирдин жарлыктарын жана мыйзам чыгаруу актыларын чагылдыруучу алгачкы гезит 1961-жылы негизделген. 1969-жылы маалымат департаменти негизделип (1998-жылы жоюлган), «Доха» журналын чыгара баштаган. 1970-жылдары апталык менчик журналдар, гезиттер чыга баштаган. 2002-жылы күн сайын «Ар-Райя» «Аш- Шарк», «Аль-Ватан», «The Peninsula» гезиттери, «Катар аль-Хайр», «Ад-Доха лиль-Джамиа» журналдары (араб жана англис тилинде) чыгып турган. Радио уктуруусу 1968-жылдан (алгач араб, 1971-жылдан англис, 1980-жылдан урду, 1985-жылдан француз тилдеринде), телекөрсөтүү 1970-жылдан (алгач араб, 1982-жылдан англис тилинде) иштейт. 1996-жылдан «Аль-Жазира ТВ» спутник каналы, 1993-жылдан кабелдик телекөрсөтүү иштей баштаган. 1975-жылы The Qatar News Agency – Улуттук маалымат агенттиги негизделген.
Катар калкы миңдеген жылдар бою чатырларда жашаган. Курулуштар Осмон империясынын учурунда пайда болгон. XIX кылымда Катарда аль-Бида форту, азыр Амири-Диван өкмөт үйү, Эз-Зубар, Эль-Хаурдагы жана Эль-Вакра шаарчасындагы форттор, XX кылымдагы Умм-Салаль-Мухаммад форту, Абдалла бен Касем Аль Тани шейх үчүн курулган сарай жана башкалар белгилүү. Форттор жана башка курулуштардын дубалы таш же кыштан тургузулуп, чопо же гипс менен шыбалган. Терезе, эшиктери Индия жана Чыгыш Африкадан алынып келген жыгачтан жасалган. Имараттардын үстүңкү бөлүгүнө желдеткич мунаралар салынган. 1960-жылдан Катарда араб үлгүсүндөгү архитектуралык курулуштар пайда боло баштаган.

Дохада Улуттук театр, маалымат жана маданият министрлиги (1982, архитекторлору Ахмад Шайха, Ж. Коннелл жана башкалар), Ан-Насер мечити (1986, архитектору Анвар Атта), Аль- Кубиб мечити (1998) 1975-жылы Катар университет комплекси (архитектору египеттик Камаль аль-Кафрави), 2000-жылдары Ислам маданий борбору, Барзан мунарасы, Ислам искусство музейи, Улуттук китепкана, Сүрөт музейи, улуттук костюм жана текстиль музейи жана башклар курулган. 1980-жылдардын башында Египет, Ирак, Франция, Италия жана Америка Кошмо Штаттарынан билим алып келген сүрөтчүлөр Катарда сүрөт өнөрүнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон. 1980-жылы Дохада сүрөт өнөрүнүн Катар коому жана эркин устакана түзүлгөн. XX кылымдын аягындагы белгилүү сүрөтчүлөр: эркин устакананын негиздөөчүсү – Жасем Зайни, Султан Алсилайты жана башкалар. Мектептерде көркөм кол өнөрчүлүк, сүрөт тартуу чеберчилиги жана башкалар үйрөтүлөт.
Катардын музыкалык-бий маданияты араб, перс, инди, африка жана башка элдердин салттуу үлгүлөрүн жана жанрларын камтыйт. Бедуиндердин ар тармактуу ыр жанрлары бар. Салттык перс-араб музыкалык аспаптарын – най флейтасы, канун цитрасы, уд лютнясы жана башкаларды колдонушат. Жергиликтүү калктын салттуу ыр, бийлери да бар.

Ад.: Исаев В. А., Филоник А. О. Государство Катар: проблемы развития. М., 1999; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Катар// Большая Российская энциклопедия. Т. 13. М., 2009.