КАРТАЮУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:09, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРТАЮУ – организмде жашка жараша закон ченемдүү өзгөрүүлөр жүрүп, анын ыңгайлануу мүмкүнчүлүктөрүнүн акырындап төмөндөшү. Картаюуда адамдын териси жукарып, бырыш кирип, чачы агарат, түшөт, бою кичирейип, бүкүрөйөт. Адамдын ишке жөндөмдүүлүгү, психикасы ж. б. өзгөрөт. Түрдүү ички ж-а сырткы жагымсыз фак­торлор организмди тез картайтат (патологиялык кар­таюу). Физиологиялык картаюунун алгачкы белгилери 60 жаштан кийин пайда боло баштайт. Картаюу процес­си ар кайсы органдар м-н ткандарда ар башка мезгилде жүрөт. Улгайгандарда орган м-н сис­темалардын функциясы акырындап төмөндөйт, көздүн тунук кабыгынын тунаруусу күчөп, ка­таракта пайда болот, көрүү начарлайт, кулак каңырыштайт. Көкүрөк деформацияга учурайт (кифоз). Булчуңдардын күчү начарлайт, нерв, жүрөк-кан тамыр системасында өзгөрүүлөр бай­калат. Борбордук нерв системасынын атеросклеро­зунан болгон өзгөрүүлөрү акыл-эстин, мээнин начарлашына алып келет. Кан басымы бир аз жогорулайт, жүрөктүн кагуусу жайлайт. Улгай­ган сайын тамак сиңирүүчү ферменттердин ак­тивдүүлүгү, май, амин кислоталарын, глюкозаны сиңирүү начарлап, боор иши төмөндөйт. Тиш­тер саргарып, түшөт. Аялда этек кир токтойт, эркекте сперматозоиддерди чыгаруу начарлайт. Муунда кыймыл азайып, остеопороз, остеохон­дроз пайда болот. Картаюуну ар түрдүү өнөкөт оору­лар да тездетет. Ошондуктан оорулардын алдын алуу эрте картаюуну кечеңдетет. Картаюунун өөрчүшүндө тукум куугучтук чоң мааниге ээ. Жашы өткөн адамдарга гимнастика, туура тамактануу маа­нилүү, себеби анда энергия азыраак жумшалып, зат алмашуу басаңдайт. Ошондуктан фермент­тик системаларга күч келтирбей, тамакты аз ичүү керек.