КАЛИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:49, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ЛИЙ (лат. Kalium), К – элементтердин мез­гилдик системасынын I тобундагы химиялык эле­мент. Щелоч металлдар тобуна кирет; атомдук номери 19; атосфералык массасы 39,102. Анын 3 изотобу бар. 39К, 40К ж-а 41К. Жасалма изотопторунун эң маанилүүсү 42К (Т1/2=12,52 жыл); ал индикатор катары хи­мия, биология ж-а медицинада кеңири колдо­нулат. Калийди 1807-жылы англиялык химик ж-а физик Г. Деви КОНты электролиздөө жолу м-н алган. Калий – күмүш түстүү, жумшак ак металл; тыгыз­дыгы 0,862 г/см3, эрүү t 63°С, кайноо t 776°С; электр тогун жакшы өткөрөт. Табиятта жер кыртышынын массасы боюнча 2,6%ин түзөт. Негиз­ги минералдары – сильвинит (NaCl.КСl); кар­наллит (КCl.MgCl2 .6 О; каинит -- КСl-MgS - өтө активдүү элемент. Абада тез кычкылдангандыктан, керосин же бензинде сакта­лат. Ал дайыма I валенттүү. Кычкылтек м-н оксид ж-а пероксиддерди (К2O, К2O2) пайда кы­лат. Жогорку температурада (200°С) суутектүү чөй­рөдө гидридди КN, электр зарядынын тааси­ри астында азот м-н азидди КН3 ж-а нитридди К3N берет. Галогендер ж-а кислоталар м-н активдүү аракеттенип, туздарды (КF, КCl, КBr, КI, К2CO3, К2SO4) пайда кылат. Калий күкүрт, көмүртек м-н ысытканда, сульфидди (К2S), карбиддерди (КC8, КC16, К2C2) берет. Калийдин жардамы м-н кычкыл­дарды (B2О3, Al2O3 ж-а SiO2) калыбына кел­тирүүгө болот. Калий спирттер м-н органикалык кошулмала­ры болгон алкоголяттарды, ацетилен, этилен м-н карбиддерди пайда кылат. Калийди алуу орун алмашуу реакциясына негизделген: КCl ++Na = К + NaCl; 6КCl + 2Al + 4CaO = 6К +3CaCl2 +CaO + Al2O3; К2СО3 + 2С = 2К + 3СО. Негизги бирикмелеринен КCl, К2SO4 жер семирткич, К2S, КMnO4 медицинада ж-а ветеринарияда, КBr фотографияда, КF – металлургияда, К2CO3 самын ж-а айнек жасоодо ж. б. колдонулат. Калий өсүмдүк, жаныбарлардын курамы­на кирет. Жаныбарлар калийди эт ж-а өсүмдүк азыктарынан, өсүмдүктөр топурактан алат. Калий жетишсиз болсо өсүмдүктүн өсүшү начарлайт. Калийдин иондору жүрөктүн, булчуңдардын жый­рылуусун жөнгө салууга, осмос басымын кар­мап турууга ж. б. катышат.