КАРИМОВ Иманжан
КАРИМОВ Иманжан (1906-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Нариман кыштагы – 1978, ошол эле жер) –

пахтакер, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Ош облусунун Кара- Суу районундагы Ленин атындагы колхоздо звено башчысы болуп иштеген. 1947-жылы анын звеносу 3 га аянттагы пахтанын ар гектарынан 86 цден түшүм жыйнап алган. 1955–59-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени м-н сыйланган.